Адамдар үчүн эмне маанилүү

Адамдар үчүн эмне маанилүү:

 

  • эркектер үчүн байлык эмес,  акылмандык маанилүү;
  • аялдар үчүн сулуулук эмес, мээрмандык маанилүү;
  • достукта куру сөздөр эмес, ишенич маанилүү;
  • мамиледе талап кылуу эмес, түшүнүшүү маанилүү;
  • денеңде сымбаттуулук эмес, ден-соолук маанилүү;
  • кийим тандоодо кымбаты эмес, жарашыктуусу маанилүү;
  • чыгармачылыкта канча чыгарма жазгандыгы эмес, кандай чыгарма жазгандыгы маанилүү;
  • окууда баа алганы эмес, билим алганы маанилүү;
  • билим алууда үйрөнүп алуу маанилүү эмес, аны турмушунда колдоно билүү маанилүү;
  • кимдин кантип сүйлөгөнү эмес, сүйлөгөн сөзүндөгү ойдун данеги  маанилүү;
  • жушушта ким кандай кызматта иштегендиги эмес, кимдин кандай пайдалуу иш жасагандыгы маанилүү;
  • кызматчынын айтканды так аткаргандыгы эмес, өз алдынча ойлонуп иш аткаргандыгы маанилүү;
  • тамак ичкенде чүйгүндүүсү эмес, ден соолукка жагымдуусу маанилүү;
  • сүйүүдө сүйүп калуу маанилүү эмес, сүйүүсүн сактай билүү маанилүү;
  • жашоодо кандай жашагандыгы эмес, кандай жакшы ишке өмүрүн арнагандыгы маанилүү.

 

Рысбаев Сулайман Казыбай уулу

«Сөз жөнүндө сөз» китебинен

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}