Аз — саз! Минимализмдин 14 эрежеси

Соңку мезгилде жашоо образы катары кабыл алынып, жактоочулары күн санап көбөйгөн  «минимализм» муктаж болгон нерселерге гана көңүл бурууну, муктаждык болбогон нерселерди толугу менен жашоодон чыгарууну үйрөтөт. Платондун «Жашоодо көп нерсеге ээ болуу эмес, аз нерсеге муктаж болуу маанилүү.» — деген сөзү минимализм түшүнүгүнө үлгү боло алат.  Бул философия жашоодо бактылуу болуу үчүн материалдык нерселерге ээ болууга караганда моралдык баалуулуктарга басым жасоо керектигин коргойт. Мусулмандар «Аз же, аз укта, аз сүйлө!» деген насаатты урпактарга үйрөтүп келишкен.

Минимализм жөнөкөйлүктү кармануу менен бирге аз, бирок, сапаттуулукту жана ыңгайлуулукту биринчи орунга коёт.

Минимализмди жашоо образы катары кабыл алгандардын 14 эрежеси:

  1. Ар күнү жалгыз жана тынч отуруу үчүн өзүнө убакыт бөлүү.
  2. Өзүн башкалар менен салыштырбоо.
  3. Коомчулуктун ойлоруна карап эмес, өзүнүн гана ой-пикири менен чечим чыгаруу.
  4. Технологияны колдонуу, бирок, кул болбоо.
  5. Тамактанууну өз убагынан кечиктирбөө. Ашыкча тамактан алыс болуу.
  6. Көп кийим сатып албоо. Аз бирок, сапаттуу кийим менен чектелүү.
  7. Көп мүлккө эмес, көп доско ээ болуу.
  8. Үйү да, офиси да жөнөкөй.
  9. Убакытты туура башкаруу. Ар бир мүнөткө маани берүү.
  10. Социалдык медианы максаттуу колдонуп, ашыкча убакыт коротпоо.
  11. Бардык нерседе ашыкчалыкты четке кагуу. Керектөөлөрдү чектөө.
  12. Аша чаппоо, ысырап кылбоо.
  13. Шүгүр кылып, колунда бар болгон нерсеге ыраазы болуу. Майда нерселерге бактылуу болуу. Муну балдарына да үйрөтүүү.
  14. Айланасындагыларга жардам берүү менен жакшы маанайда болуу.

 

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}