Айланаңызга көз чаптыра жүрүңүз

Интуиция – бул түшүндүрүп, аныктап отурбастан сизге туура жолду гана көрсөткөн жол көрсөткүч.

Күнүмдүк бурганак жашообузда атайылап айланага көз чаптырып, жаратылышка суктанууга убакыт бөлөбүзбү? Биз күнүмдүк иштерибиз, карьера тууралуу, турмуш тууралуу ойлоно берип, ошол ойлорубуздун түбүнө түшүп бара жаткан сымалбыз.

Мен дагы дал ушул түгөнбөгөн ойлордун түбүнө түшүп бара жаткандардын катарындамын. Өзгөчө автоунаа айдап бара жаткан учурда ойлорума алаксып кетип, курчап турган чөйрөдө болуп жаткан окуялардан кыйла эле узактап кетем. Бирок кечээ жакында гана менин көз алдымда болуп өткөн окуя менин тар ойлорумдун сыртына чыгуум керектигин көрсөтүп койду. Адаттагыдай эле жумушума шашып бара жаткан элем, оюда болсо, бүгүн чогулушта эмнелерди талкуулайбыз, эмнелер жөнүндө сүйлөйм деп ойлонуп бара жаткан элем. Кайрылышка жеткенде жол чырактын кызылы күйүп калып, мурдагылай “зуу өтүп кеткенге” бул ирээт үлгүрбөй калдым. Жол чыракта турсам, зебрадан жаш үй-бүлө өтүп бара жатышты, жетелегендери жаш бала жана атасынын колунда дагы бир наристе. Менин оюмдан алагды кылганы бул үй-бүлөнүн экөөнүн тең көздөрү азиз болгондугунда эле. Алардын колунда жол көрсөткүч таягы бар болчу. Жол чырак эбак эле жашылды көрсөтүп турган болсо да, менин таң калуума бир дагы айдоочу чыгып, оройлук кылган жок. Бир убакта, бул үй-бүлө багытын туура эмес жака буруп, жолдун тескери кайрылышына карай багыт алышты, ал кайрылышта унаалар өтүп жатышкан эле. Албетте алар эки чоң трассанын кесилиш жолунан өтүп жатканын билишкен эмес. Аларды көрүп, араба уруп кетпесе экен деп баардык айдоочулар катып калдык. Бир маалда менден артта турган унаанын айдоочусу чыгып, катуу үнү менен “Оңго тарапка бурулгула, оңго” деп кыйкырды. Ага кошулуп бир канча айдоочу дагы аларга туура багытты көргөзүштү.

Мен алгач бул жаш үй-бүлөну көрүп ичимден баа бердим. Анткени алар мен эң коркунучтуу физикалык кемчилик деп эсептеген-көзү азиз адамдар эле. Алар бул кемчилиги болсо да, бардык кыйынчылыкты багындырып, өмүр сүрүп келе жатышат.

Мен бул окуядан бир канча сабак ала алдым. Биринчиси: айланаңызга көз жүгүртүп, болуп жаткан кубулуштарга суктанууну же таң калууну унутпаңыз. Биз адамдар көр тиричилик деп жүрүп, жаратылыштын бизге сунган баалуу белектеринен кур калат экенбиз.

Экинчиси: алдыбызга койгон максатка жетүү өзүбүз менен биргеликте чөйрөбүздөгу адамдарга дагы ишенүү аркылуу келет экен. Өзүбуздүн интуициябызга ишенүү менен бирге башка адамдардын да жардамын алсак ашыкча болбойт. Аягында болсо буга чейин баркын билбей жүргөн-көрүү сезимим, көзүмдүн көрүү керемети.

Биз адамдар көп учурда жөнөкөй, бирок баалуу өзгөчөлүктөрүбуздүн баркын билбей келебиз.

Даярдаган Муратбекова Айнек

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}