Аксак күчүк

Дүкөндүн ээси терезесине “Күчүктөр сатылат” деген жазууну илип койду. Мындай жарнамалар өзгөчө жаш балдарды кызыктыраары турган кеп жана көп өтпөй дүкөндө ошондой жаш балдардын бири пайда болду.

— Күчүктөрдү канча сомдон сатып жатасыз?-деп сурады бала.

— 100 сомдон 300 сомго чейин,-деп жооп берди дүкөнчү.

Бала чөнтөгүнө колун салып бир канча майда тыйындарды алып чыгып:

— Менде болгону 23 сом бар экен,- деди капалуу. — Мен жок дегенде аларды көрсөм болобу? — деп дүкөнчүнү жалооруй тиктеди.

Дүкөнчү жылмайып туруп ышкырып койду эле, дүкөндүн ички тарабынан энесин ээрчип 5 мотурайган күчүктөр чыга келди. Алардын арасынан бирөө аксап келе жатты жана калгандарынан бир топ эле артта калып калды. Бала болсо дал ошол күчүктү колуна алып:

— Бул күчүккө эмне болгон?- деп кызыкты.

Дүкөнчү күчүктү ветеринар карап, кабыргаларынын өсүүсүндө дефект болгонун, бул күчүк өмүр бою ушул абалында аксак бойдон калаарын айткандыгын түшүндүрүп берди. Ошондо жаш бала кубануу менен:

— Мен дал ушул күчүктү сатып алам!-деди.

Дүкөнчү баланын тандоосуна таң калып:

— Эгер дал ушул күчүктү каалап жатсаң, анда бекер эле ал.

Ошондо бала ачууланып кетти. Дүкөнчүнүн көзүнө тик карап:

— Бул күчүк башка күчүктөр канча сомго бааланса ошол суммага бааланат. Мага бекер беришиңизди каалабайм. Мен сизден толук акчасына сатып алам. Тагыраак айтканда азыр 23 сом берем жана жума сайын 20 сомдон төлөп турам, баардык сумманы төлөгөнгө чейин.

Дүкөнчү каршы болуп туруп алды:

— Бул күчүктү сатып албай эле кой. Ал эч качан сен менен ойной албайт, кубалабайт, чуркай албайт. Бул аксак күчүк. — деди.

Жооп катары жаш бала ылдый болуп, шымынын багалегин түрүп, протез тагылган бутун көрсөттү жана кошумчалап:

— Андай болсо бул күчүк экөөбүздун окшош жагыбыз көп экен да, деп жылмайды.

“Куриный бульон для души” китебинен

Которгон: Айнек Муратбекова

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}