Акылдуунун жети белгиси

Жети белги

Персиялык акылмандан сурашыптыр: “Эмне үчүн акылдууну акылдуу деп аташат?”. Ал жооп берген экен: “Анткени анын жети белгиси бар, ошого карап аныкташат. Ал аны капа кылгандардын күнөөсүн кечирет, ал өзүнөн төмөн тургандарга момун мамиле кылат, өзүнөн өйдө тургандарга жакшылык кылууга аракет кылат, дайыма Жаратканды эсинде сактап турат. Ал качан гана билген нерсеси болгондо сүйлөйт. Ал өз убагында айтылган сөздүн пайдасы тууралуу билет. Түркөйдүн да өз белгилери бар. Ал адамдарга ырайымсыз мамиле кылат, капа кылат. Өзүнөн төмөн тургандарды басмырлайт. Жол башчыларга, жетекчилерге менменсинет. Билбегенин сүйлөйт, айтчу жерде унчукпайт. Эгер кыйынчылыкка туш болсо өзүн ойрон кылат, эгер жакшы иштерди көрсө, андан жүзүн бурат ”.

Төрт нерсе

Көзүңөргө жарык берген төрт нерсе, бул – жашыл чөп, аккан суу, таза жер жана жакын адамдардын жаркын жүзүнө суктануу.

Жарыкты өчүргөн төрт нерсе, бул – туздуу тамак, башка ысык суу куюу, күн алдында көп отуруу жана душманды тиктөө.

Денени чыңаган төрт нерсе, бул – жагымдуу кийим, кайгылуу ойлордон акылдын алыс болушу, жагымдуу жыт жана жылуу жердеги уйку.

Дене саламаттыгын берген төрт нерсе – өз убагында тамактануу, бардык нерсенин ченемин билүү, оор жумушту жалгыз кылбоо жана себепсиз кайгыга алдырбоо.

Жүрөккө жашоо берген төрт нерсе – кеменгер акыл, билгич мугалим, ишенимдүү жолдош, жагымдуу жубай жана дайыма жардамга келе турган дос.

Жүрөктү ойрон кылган төрт нерсе, бул – катуу суук, чөлдөгү ысык шамал, тумчуктурган түтүн жана себепсиз коркуу.

«Өтөөр дүйнө» китебинен

Алахунов Аманжан

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}