Акылдуу адам өзүнүн акылын, өтө акылдуу адам башкалардын да акылын колдонот

Джордж Бернард Шоунун сөздөрү:

  • Акылдуу адам өзүнүн акылын, өтө акылдуу адам башкалардын да акылын колдонот.
  • Эгер бараткан жолуңузда тоскоолдуктар жок болсо, ал жол сизди ийгиликке жеткирбейт.
  • Дүйнөдө эки трагедия бар. Биринчиси жүрөктөгү каалоону жоготуу, экинчиси жоголгон каалоону кайтарып алуу.
  • Кээбир адамдар кээде гана адам боло алышат.
  • Кул сыяктуу тарбиялангандар кул сыяктуу гана башкарылышат.
  • Бир ирет жүрөк жараланса, артка кайтууга жол жок. Эч нерсе таасир этпей калат. Бул бакыттын соңу, тынчтыктын башталышы болот.
  • Келечекте дарыгерлердин оорулууларга жаза турган дарылары мусулмандар окуган намаз жана алар кармаган орозо болот.
  • Карыганыбыз үчүн оюн ойноону таштабайбыз, оюн ойноону таштаганыбыз үчүн карыйбыз.
  • Эч кимдин өзүнүн тажрыйбаларынан сабак ала албаганын тажрыйбаларыбыздан түшүндүк.
  • Кайгылуу болуунун сыры кайгылуу болуп болбогонубузду ойлоого жете тургандай бош убактыбыздын болуусу.
  • Акча ачкалыкты кетирет, бактысыздыкты эмес. Тамак ашказанды тойгузат, жан дүйнөнү эмес.
  • Менин тамашам чындыкты айтуу. Чындык — дүйнөдөгү эң күлкүлүү тамаша.
  • Каталарга толгон өмүр – эч нерсе кылбай өткөн өмүрдөн артык.
  • Өзүнүн тилин билбеген башка тилди үйрөнө албайт.
  • Сиз кол көтөргөндө жооп кайтарбаган адамдан сактаныңыз. Анткени, ал сизди да кечирбейт жана сиздин өзүңүздү кечирүүңүзгө да мүмкүнчүлүк калтырбайт.
  • Жактырбаган нерсеңизге кол чабуу, жалган айтуунун түрлөрүнүн бири.
  • Биз эки уурунун ортосунда өзүбүздү таанытабыз. Булар өткөн күнгө тиешелүү өкүнүчтөр жана эртеңки күнгө болгон коркуулар.
  • Тиши ооругандар тиши оорубагандарды, кедейлер байларды бактылуу деп ойлошот.
  • Унчукпоого ишенгендердин тарабындамын. Бул темада сааттар бою сүйлөшө алам.
  • Жаш кезимде кылган он ишимдин тогузунун ийгиликсиздик менен бүткөнүн көрдүм. Ийгиликсиз болууну каалабадым, ошондуктан ар бир ишимди он эсе көп жасадым.
  • Чындык ушул: эркинмин, бактылуумун жана кайгыдан жарылайын деп турам.
  • Өлүмдү жок кылсаңыз, төрөлүүнү да токтотосуз. Төрөлүүнү улантсаңыз, бөбөктөргө орун берүү үчүн карыларды өлтүрүүңүз керек.
  • Демократия — биз татыктуу болгондон дагы да жакшы башкарылбашыбызды кепилдеген система.
  • Адамдардын өлүүсү менен жашоонун күлкүлүүлүгү өзгөрбөгөндөй эле, адамдардын жылмаюусу менен жашоонун олуттуулугу өзгөрбөйт.
  • Сиз бар болгон нерселерди көрүп «эмнеге?» деп жатсаңыз, мен бар болбогон нерселерди кыялданып «эмнеге болбосун?» деп жатам.

 

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}