Акылдуу акылсызды кемсинтпейт

Кытай эл макалдары:

  1. Ачкалыктан тамактануу менен, караңгылыктан окуу менен чыгууга болот.
  2. Дарак канчалык бийик болбосун, жалбырактары жерге түшөт.
  3. Акылдуу акылсызды кемсинтпейт.
  4. Токтоп турган суу гана жылдыздарды көрсөтө алат.
  5. Айтып берсеңиз унутам, көрсөтсөңүз эстейм, аткартсаңыз түшүнөм.
  6. Балык издеп жатсаңыз, даракка чыкпаңыз.
  7. Дүйнөдө кемчиликсиз эки адам бар: бири өлгөн, экинчиси төрөлө элек.
  8. Бийикке чыкпаган алысты көрө албайт.
  9. Билим – ар дайым өз ээсин ээрчиген байлык.
  10. Эң алыска кеткен ок эң артка тартылган жаадан чыгат.
  11. Жылмаюуну билбеген дүкөн ачпоосу керек.
  12. Келин канчалык кыйын болсо да, күрүч болбосо аш жасай албайт.
  13. Эч бир ийненин эки учу учтуу болбойт.
  14. Ачууң келип турганда кат жазба.
  15. Ачууң келгенде бир мүнөт сабырдуу болсоң, жүз күндүк өкүнүчтөн кутуласың.
  16. Караңгылыкка нааразы болуудан, бир шам жагуу жакшыраак.
  17. Кичине окуяларга сабырдуу боло албасаң, чоң пландарды ишке ашыра албайсың.
  18. Неге бири-бирибизди өлтүрүп жатабыз, бираз күтсөк өзүбүз эле өлөбүз да.
  19. Алдыдан келген кылычтан коргонуу оңой, бирок, арттан келген октон коргонуу кыйын.
  20. Сатып алууда кулагыңды эмес, көздөрүңдү колдон.
  21. Эч качан арстандын куйругун кармабаңыз, кармасаңыз, эч качан коюп жибербеңиз.
  22. Бергендериңиз алгандарыңыздан кымбат көрүнөт.
  23. Жакындарыңызды бакытка бөлөңүз, алыстагылар келишет.
  24. Акырын кетүүдөн коркпо, бир жерде калып кетүүдөн корк.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

 

 

 

 

 

 

 

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}