Алтын тыйын

Улгайган адам бир жигиттин чөнтөгүнө бир нерсе салып жатып:

— «Жараткан сага ыраазы болсун уулум. Мени жаңы туулгандай кубандырдың, ушул белегимди алсаң мындан да сүйүнөм»,-деди. Жаш жигит кылган ишине белек алаарын билген…

Жол жээгинде ыйлап турган 4-5 жаштагы бөбөктүн адашып кеткенин билгенден кийин, үйүн таап келип, чоң атасына тапшырып турган кези. Бирок, үйдү көргөндө көңүлү чөгө түштү. Жол бою жогорку шарты менен салынган көп кабаттуу хансарайларды элестетип келе жаткан. Анын үстүнө эшикти улгайган чал ачканы ого бетер ачуусун келтирди. Ушул абышка жаш жигиттин чөнтөгүнө 3-4 тыйын салып турган эле…

Жигит абышка менен сүйлөшүп жатып, тыйындарды санаганга да үлгүргөн эле. Чөнтөгүнүн түбүн толтурууга да жетпегенин сезип, жок дегенде жол киреме жете турган берсе болбойт беле деп ичинен нааразыланат. Ушуну менен баалуу белек алам деген кыялы толугу менен аягына чыкты. Оюнда абышкага бир нерселерди айтып, сабак берип коюуну көздөп жатты. Карыянын көзүнө тике карап, чөнтөгүндөгү тыйындарды ыргытып:
— Барып кызыңа оюнчук ал. Анан да жоомарттык эмне экенин үйрөнүп ал деп мурду менен тийди.
Бөбөк жердеги тыйындарды алып жатканын көргөн жигиттин көзү чанагынан чыгып кетейин деди. Анын алаканында алтын динарлар жаркылдап турган эле…

Айрым учурда алтындан кымбат колубуздагы мүмкүнчүлүктү коё берип жиберебиз. Качан гана өтүп кеткен соң кейий баштайбыз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}