Анын ким экенин мен билем

Ар дайымкыдай эрте таңда бир абышка жолдо шашып бараткан эле. Капысынан велосипед тээп бараткан бир киши сүзүп кетет. Айланадагылар аны тезинен жакын жердеги ооруканага жеткиришет. Дарыгер жараатын дарылап, бир аз күтүп туруусун, ар кандай сынык же дагы башка оор жараат албаганын билүү үчүн рентгенде текшерүү керектигин айтат. Абышка:

— Аябай зарыл жумушум бар, — деп ашыкканда, дарыгер:

— Улгайган жашыңызда сиз үчүн өз ден соолугуңуздан да маанилүү эмне жумушуңуз болушу мүмкүн? — дейт.

— Байбичем карылар үйүндө. Ар күнү эрте менен бирге тамактануу үчүн анын жанына барам, — дейт. Дарыгер карыянын айтканына таңданып:

— Аа, байбичеңиздин сизди күтүп, кабатырланбоосу үчүн шашып жатасызбы? — деп сурайт. Абышка капалуу үн менен:

— Ал альцгеймер оорусуна чалдыккан. Мени тааныбайт, ким экенимди билбейт, — дейт. Анын бул жообуна аябай таң калган дарыгер:

— Анда ага шашып барууңуздун мааниси эмнеде? Күтө туруңуз, рентгенде текшерели. Байбичеңиз да сиздин ким экениңизди билбейт экен, — дейт. Абышка дарыгерге жалдырап карап:

— Ал менин ким экенимди оорусунан улам билбейт, бирок, мен анын ким экенин билем, — дейт.

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}