“Артка чегинүүгө акың жок!”

Мунун баары баланын баскетбол ойноого күчтүү каалоосунан улам башталган. Боюнун кыскалыгына байланыштуу, мектептин баскетбол курама командасына кабыл алынган эмес. бул баш тартуу анын ичиндеги  жөндөмдүн ойгонушуна жардам берет. Ошентип,  ал өзүнүн өжөрлүгү менен боюн өстөрүү максатында   гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасай баштайт. Кечеги күнүнө караганда,  бүгүнкү күнүн эки эсе көп машыгуу менен алек болуп өткөрөт. Натыйжада, улуттук курама командага кабыл алынат. Бирок мунун баары  ал үчүн оңой болгон эмес.  Карьерасынын туу чокусуна  жеткенде ал кумар ойногон деп күнөөлөнүп, атасы болсо кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн. Ушундан улам баскетбол ойноодон баш тартууга аргасыз болот. Бир топ убакыттан кийин, ал чоң ийгиликке жете элек экендигин, жана аны эми гана багындырып жатканын  түшүнөт. Арадан 17 ай өткөндөн кийин, мурункудан да күчтүү болуп  баскетболго  кайтып келет  жана дүйнөдөгү  эң бай спортсмен болот. Ал өзүнүн эскерүүсүндө:“ Мен 300дөн ашуун оюндан утулдум , жашоомдо ийгиликсиз күндөр көп болду жана ал күндөр көп кайталанды. Ошондуктан, мен ийгиликке жеттим. Жаман күндөр менен күрөшүү аркылуу гана, жашооңдогу  эң сонун күндөргө  жетесиң.” деп айткан.

 Багынып берүү –чечим эмес.

Даярдаган: Залкар Аманов

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}