Атамдын баласы

Шакирти болгонго суранып келген кишиден сопу:

— Эгерде мен: “Атамдын баласы, бирок бир тууганым эмес” десем, ким жөнүндө айтып жатканым? – деп сурайт.

Тигил ойлонуп-ойлонуп, жооп бералбай коет.

Анда сопу:

— Албетте, өзүм жөнүндө айтып жатканым да! – деп, анан жумшак гана кошумчалап коет, — Эми өз айылыңа кайт да, менин шакиртим болгуң келгениңди унутуп кой.

Тигил үйүнө келсе, айылдаштары:

— Кана, айтчы, эмнени үйрөнүп келдиң, — деп сурап калышат.

— Атамдын баласы, бирок бир тууганым эмес. Бул ким? – дейт тигил.

— Өзүңсүң! – дешет бардыгы бир ооздон.

— Жо-о-оок! – дейт сүйүнүп кетип тиги, — “атамдын баласы” – бул коңшу шаардагы сопу. Ал мага өзү айтты!  — деген экен.

 

Даярдаган Эрнис Асек

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}