Атанын жакшылыгы тоодон бийик, эненин мээрими деңизден терең

Ата-эне жөнүндө алтын сөздөр:

  • Эне — эс алуучу бак, ата – сүйөнүүчү тоо. Өмүрдүн эң сонун учуру – ата-эне менен бирге өткөнү. Мевлана.
  • Атанын жакшылыгы тоодон бийик, эненин мээрими деңизден терең. Япон эл макалы.
  • Аялдар назик, бирок, апалар күчтүү. ВикторГюго.
  • Энелик санатынын алгачкы шарты – бала уктагандан кийин уктоо. Анатоль Франс.
  • Ишине аралашып жаткан апасы бар адамдар кары эмес. Пол Харви.
  • Апалар бардык нерсени көрбөсө да жүрөгү менен сезишет. Островский.
  • Аял апа болгонго чейин жаш бала болот. Август Стриндберг.
  • Баласын жоготкон апа ар күн биринчи күндөгүдөй азап чегет. Бул азап карыбайт. ВикторГюго.
  • Атанын жыйганын баласынын чачуусу салт да. Гёте.
  • Атанын пазилеттери баланын байлыгы. Анатоль Франс.
  • Ата болгондон кийин өзүңүздүн бактылуулугуңуз үчүн эмес, балаңыздын бактылуулугу үчүн көп кубанасыз. Бальзак.
  • Атанын жашырганы балада көрүнөт. Фридрих Ницше.
  • Бир ата жүз баланы карайт, жүз бала бир атаны карай албайт. Мевлана.
  • Бир ата жүз мугалимге тең. Джордж Херберт.
  • Бир атанын балдарына көрсөтө ала турган эң чоң жакшылыгы – алардын апасын сүйүү. Теодор Хесберг.
  • Ата болуу оор эмес, а аталык кылуу оор. Уильям Максвелл.
  • Атаңды сыйласаң, уулуңдан да сый көрөсүң. Аз. Али (р.а.).
  • Балдарын сүйбөгөн аталар болуусу мүмкүн, бирок, неберелерин сүйбөгөн чоң аталар болбойт. ВикторГюго.
  • Ата чынар дарагындай, мөмөсү болбосо да, көлөкөсү жетишет. Мевлана.
  • Акылыбыз өскөн сайын аталарыбызды акылсыз деп ойлойбуз, бизден акылдуу болгон балдарыбыз да кийин биз жөнүндө ошондой ойлошот. Александр Поуп.
  • Бейиш энелердин таманынын астында. Хадис.
  • Баланын атасынын досторуна жакшылык кылуусу – эң чоң жакшылык. Хадис.
  • Эч бир сүйүү апанын сүйүүсүнө тең боло албайт. Бальзак.
  • Мен апамды кантип сүйбөй коёт элем?! Ал мени бир нече ай курсагында, бир нече жыл кучагында, өмүрүнүн акырына чейин жүрөгүндө көтөрүп жүрдү. Абдуррахман Жами.
  • Апанын жүрөгү – баланын мектеби. ГенриУорд Бичер.
  • Бизге мыкты апаларды бергиле, силерге мыкты жарандарды беребиз. Наполеон.
  • Ийгиликсиздикке, кырсыктарга туш болгонуна карабай, жашоого болгон үмүтүн жоготпогон ак ниет адамдар эң мыкты эненин тарбиясын көргөндөр болуп саналат. Андре Моруа.
  • Ата-энеге жакшылык кылуу – өмүрдү узартат. Хадис.
  • «Биз инсанга ата-энесине жакшылык жасоону буйрудук». Анкабут сүрөсү, 8-аят.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}