Аткарыңыз, өзүңүздү сонун сезиңиз

Ар дайым болбосо да төмөнкүлөрдү аткарыңыз жана өзүңүздү жакшы сезиңиз, өзгөлөргө да жылуулук тартуулаңыз:

  • Айрым учурларда адамдарга ар дайымкыдан көбүрөөк сылык мамиле кылсаңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Өмүрлүк жолдошуңузга/жубайыңызга жакшы көрөрүңүздү айтыңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Балаңыздын мектепке алып барчу сумкасына жакшы көрөм деп жазып коюңуз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Таяк таянган адамга эшик ачып бериңиз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Маркетте кезекте турганыңызда шашып жаткан бирөөгө кезегиңизди бериңиз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Бир тууганыңызга телефон чалып ал-абалын сурагандан кийин жакшы көрөрүңүздү айтыңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Карылар үйүнө гүл көтөрүп барыңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Шаардык тазалык иш-канасына ыраазычылыгыңызды билдирген кат жазыңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Оорулуу таанышыңызга тоок шорпо бышырып алып барыңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Кызыңыз менен ойноо үчүн убакыт бөлүңүз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Маршруткада сизге орун берген жаштарга ыраазычылык билдирип алкаңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Жардамчыңызга иш күндөрүндө да жарым күн эс алуу үчүн уруксат бериңиз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Итиңиз же мышыгыңыз менен ойноңуз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Тамактанууга же киного бара албаган карыяларды тамактанууга чакырып, киного алып барыңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Массаж алууга же башкаларга массаж кылып берүүгө убакыт бөлүңүз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Коомдук транспорттон түшөөрдө айдоочуга  ыракмат айтыңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!
  • Эч нерсе күтпөй эле адамдарга сылык мамиле кылыңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз!

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}