Ачуу бирок, пайдалуу кеңештер

Жашоого байланыштуу ачуу чындыктарды угуу сизге оор болуусу мүмкүн, бирок, бул сиздин дагы да жакшы болууңузга жардам берет. Жашоону жакшы өткөргүңүз келсе, сиз үчүн маанилүү нерселерди тандооңуз зарыл.

— Эчким сизге кам көрбөйт.

Пландарыңыз ишке ашпай калдыбы? Кайгырып жатасызбы? Бир нерсе же бир адамыңызды жоготтуңузбу? Эмне болду деп ойлойсуз? Сиз сезип жаткандын барын айланаңыздагылар да сезишкен. Кайгынын бир гана сиздин башыңызда эмес экенин түшүнүүнүн убактысы келди. Бул тирүүлүктүн бир бөлүгү. Эч ким сизге кам көрүүгө милдеттүү эмес.

— Талантыңызды көз жаздымда калтырбаңыз.

Бардык адамдар талант менен төрөлбөйт. Ичиңизде «Бул ишти мыкты аткарам» деген бир кызыгууңуз бар болсо, жашооңузду ошол кызыгуу менен өткөрүүңүз керек. Эгер аны жоготсоңуз, бардык нерсеңизди колдон чыгарасыз.

— Жоопкерчиликтүү болуңуз.

Ойлоруңузду, сөздөрүңүздү жана кыймыл-аракетиңизди ким жөнгө салууда? Сиз жөнгө салууңуз керек. Эгер бир ишти жаман, туура эмес аткарсаңыз же бузуп алсаңыз, күнөө бир гана өзүңүздө. Жасаган ар бир аракетиңиз үчүн жоопкерчиликтүү болуңуз.

— Бардык нерсе өлүм менен аяктайт.

Өлүү же эскерилүү жөнүндө кайгырууну токтотуңуз. Өлүм бул акыйкат, өлүм менен сиз кетесиз. Кетүүдөн мурда жакшы жашаңыз.

— Сезимдерге даяр болуңуз.

Коркуудан, кайгыдан жана оорудан качууну токтотуңуз. Кемчиликтүү экенин кабыл алыңыз жана сезүүнү каалабаган сезимдерди сезиңиз. Муну канчалык эрте баштасаңыз, ошончолук эрте алдыга жыласыз.

— Бардык адамдарды дос кыла албайсыз.

Бул аракетиңизди токтотуңуз.  Сиз дос болууңуз керек болгон дүйнөдөгү эң маанилүү адам – өзүңүз экениңизге ишениңиз.

— Баалуулуктар акчадан эмес убакыттан табылат

Жашооңузга акчанын тоскоол болуусуна жол бербеңиз. Күнүңүздүн эң сонун өтүүсү үчүн акчага толгон капчыкка муктаж эмессиз. Өзүңүзгө жана айланаңыздагыларга берүүңүз керек болгон нерсе жалгыз гана убакыт.

— Бактылуулукту алыстан издөөнү токтотуңуз.

Бактылуулук бардык жерде. Ар бир күлкүдө, ар бир жылмаюуда жана ар бир саламдашууда бакытты сезиңиз. Улуу бакытты издөөңүздө сизге берилген бакытка көз жумууну токтотуңуз. Бакыт ушул жерде, сезиңиз да бактылуу болуңуз.

— Акча бакыт алып келбейт.

Ички дүйнөңүздө бактылуу боло албасаңыз, сырттан да бакытты таба албайсыз. Бактылуулук жан дүйнөдөн чыгат.

— Айланаңыздагы адамдардын баары бир күн көз жумушат.

Жашооңузду башкалар үчүн аза күтүүгө айлантпаңыз жана башкалар өлө турган күндү ойлоп кайгырбаңыз. Өлүм – жашоонун бир бөлүгү. Тирүү кезде жашоону барктаңыз.

— Акча сиз менен жашоонун ары жагына кетпейт.

Акча табуу үчүн өткөргөн узун түндөрүңүздө ден соолугуңузга, жакындарыңызга жана жашооңузга көз жумуп жатканыңызды билип жатасызбы? Сиз өлгөндө бул түндөр эч пайда бербейт. Анткени, ал акчаларды өлүмдөн кийин колдоно албайсыз.

— Убакыт бөлүңүз.

Убакыт-башка бирөөгө бере алатурган эң баалуу нерсе. Сизди курчаган коомго убакыт бөлгөнүңүздө аларга бере ала турган акчадан да кымбат нерсени берген болосуз.

— Ыраазычылык билдириңиз.

Күнүңүз жаман өтүп жатса сизден башкалардын ар бир күнү сиздикинен да жаман өтүп жаткан болушу мүмкүн экенин унутпаңыз. Ыраазы болуу үчүн себеп табыңыз, сизди сүйгөн досуңуз үчүн, башкаларда болбогон жөндөмүңүз же кечки тамак үчүн ыраазы болуңуз. Ар дайым ыраазы болууну унутпаңыз.

— Кыялдануу жоготуучулардын иши, иштөөнү учурдан баштаңыз.

Бардык адамдар кыялданышат, бирок, сыртка чыгып кыялын ишке ашыргандар канча? Кыялдангандардын жарымы дагы эмес. Бир периштенин келип кыялдарыңызды ишке ашыруусун күтүүнү токтотуңуз да, кыялдарыңызга жетүү үчүн иштеп баштаңыз.

— Билимиңизди жана тажрыйбаңызды бөлүшүңүз.

Дүйнөдө ээ болгон пикирлериңизди, сабактарыңызды, тажрыйбаларыңызды башкалар менен бөлүшпөсөңүз, алар эч нерсеге жарабайт. Сиз берген кеңеш, бөлүшкөн тажрыйбаларыңыз менен алар сиздин желкеңизге чыгып, сиз жетпеген бийиктиктерге жетүүсү мүмкүн.

— Бүгүн менен жашаңыз.

Кечеги күн да, эртеңки күн да, бүгүнкү күндөй маанилүү эмес. Ушул учурду жашоону баштаңыз.

— Эң мыкты болуу мүмкүн эмес.

Эң мыкты болуу эмне үчүн мүмкүн эмес? Анткени, ар бир адам үчүн «эң мыкты» болуунун үлгүсү ар түрдүү. Ошондуктан, эң мыкты болууга аракет кылбаңыз, бир гана жөндөмүңүздү туура колдонуңуз.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}