Бактылуулук жөнүндө 21 сөз

  1. Бактылуулук – ойлоруңуздун, сөздөрүңүздүн жана иш-аракетиңиздин бири-бирине дал келүүсү. Махатма Ганди.
  2. Айрымдар ар бир барган жерин, айрымдар кеткен жерин бакытка бөлөйт. Оскар Уайльд.
  3. Бактылуулук – эркин жерде, эркин эл арасында, эркин күн өткөрүү. Гёте.
  4. Бактылуулуктун формуласы – кээде керексиз нерселер менен алек боло алуу. Эдвард Ньютон.
  5. Ар бир адамдын бактылуу болуу үчүн бара турган жолу бар экен. Муну өзүмдүн жолумду салганымда түшүндүм.  Жан Йүжел.
  6. Адамдын бактылуу же бактысыз болуусу, тагдырдын жана мүнөздөрүнүн мөмөсү. Ларошфуко.
  7. Чыныгы бакытка мал-мүлккө ээ болуу менен эмес, акылга жана жакшы мүнөзгө ээ болуу менен жетүүгө болот. Аристотель.
  8. Бактылуу болуу үчүн ушул учурдан башка убакытты күтпөңүз. Бактылуулук бара турган жер эмес, кетип бара жаткан жол. Конфуций.
  9. Мүнөзүң жаман болсо бактылуу болом деп күтпө. Мевлана.
  10. Тилекке каршы көпчүлүк адамдар мурда бактылуу болгонун бактысыз болгондо түшүнүшөт. Бертран Рассел.
  11. Кайгы өзүн өзү жок кылат, а бакыттын бал даамын татуу үчүн бакытты бөлүшө турган кишиңиз болуусу керек. Марк Твен.
  12. Эч бир бакыт түбөлүктүү болбогондой, кайгы да түбөлүктүү эмес. Жозе Сарамаго.
  13. Бактылуу болгуң келсе текеберликти ташта, көңүл көтөрүүнү башта. Мевлана.
  14. Адамга бактылуулук гана ден соолук берет. Эң чоң бактылуулук – башкаларды бактылуу кылуу.  Стефан Цвейг.
  15. Адам ээ боло ала турган эң чоң бакыт – өз абалына ыраазы болуу. Томас Манн.
  16. Ийгилик – каалаганыңа жетүү, бактылуулук – жеткениңди сүйүү. Жан де Лафонтен.
  17. Башка бирөө менен келген бакыт, башка бирөө менен кетет. Фридрих Ницше.
  18. Бактылуулук сиздин ким болгонуңуз же эмнелерге ээ болгонуңуз менен байланыштуу эмес, бактылуулук сиздин эмнени ойлогонуңуздан көз каранды. Дейл Карнеги.
  19. Адамдар бактылуулук темасын ойлоого мажбур болбосо, жашоо ушунчалык шаңдуу өтмөк. Олдос Хаксли.
  20. Бакытты каалагандарыма жетүүдө эмес, каалоомду чектөөдө таптым. Джон Стюарт Милль.
  21. Бактылуулук – биздин каалообуз менен Кудайдын бизге каалагандарынын бирге болуусу. Клауде Рой.

 

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}