Бактылуу үй-бүлөнүн сыры

Кичинекей бир шаарда эки коңшу үй-бүлө жашайт. Биринчи жубайлар ар түрдүү көйгөйлөр үчүн бири-бирин күнөөлөшөт, ал эми экинчи жубайлар бири-биринин көңүлдөрүн аяшат. Үйүндө ар дайым уруш-талаш болгон аял бактылуу коңшусуна суктанат. Жолдошуна коңшу үй-бүлөнү карап кел, кантип тынч, бактылуу жашап жатышат экен дейт. Күйөөсү коңшусунун короосуна акырын кирет да, жашыруун жерде карап турат. Үйдөгү кожойкенин шаңдуу обон созуп, чаңдарды сүртүп жатканын көрөт. Кымбат баалуу вазаны арчып жатыптыр. Кокусунан телефондун үнү угуп, шашып чуркап кеткенде колундагы ваза столдун кырында кулайын деген абалда туруп калат. Ошол кезде күйөөсү бир нерсе издеп келип, байкоосуздан вазаны түшүрүп алат. Кымбат баалуу ваза сынды, эми жубайлардын ортосунда эмне болот экен деп ойлонот күзөтүп жаткан коңшусу. Вазанын сынган үнүн уккан аялы чуркап келип, өкүнүч менен күйөөсүнө карап:

— Кечирип кой, ардагым. Мен күнөөлүүмүн. Столдун кырына койбошум керек эле. – дейт.

— Андай дебе, кымбатым. Бул сенин эмес, менин күнөөм. Шашып жатып вазаны байкабай калдым. Макул эми, эч нерсе эмес. Жамандыктан сактасын. – дейт күйөөсү.

… Коңшу үй-бүлөнүн бири-бирине жасаган мамилесин көрүп жүрөгү ооруп кетет. Үйүнө терең кайгырып кирип келет. Аялы:

—  Эмнеге мынчалык узак кармалдың? Көрдүңбү аларды? –дейт.

— Ооба, көрдүм.

— Кандай экен алардын мамилеси? – дейт кызыгып.

— Алардын баары күнөөлүү экен. А бизде баары күнөөсүз.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}