Баланын ылдамдыгы

Жаңы окуу жылынын башталуусуна бир апта калганда биринчи класска бара турган туң уулумдун жолу менен басып келдим. Уулумдун ылдамдыгы менен басканымда мектептен үйгө чейинки аралык жыйырма мүнөткө созулду. Бирок, уулум мектеп ачылгандан кийин мен эсептеген убакытка караганда кечигип келе баштады. Бир күнү уулумду мектептен тосуп алдым да, анын ылдамдыгында аны менен чогуу бастым. Менин уулумдун ылдамдыгы менен жүрүп эсептеген убактым туура эле экен. Бирок, уулумдун кумурскаларды уясына чейин күзөтүүсүнө, дүкөндүн алдындагы велосипеддерди жана гараждын алдында айдоочулардын машинанын дөңгөлөгүн алмаштырганын карап туруусуна,  көчөдөгү эки күчүктүн, бир мышыктын башынан сылоосуна,  жолдогу  телеграфты айланып өтүүсүнө кеткен убакытты эсепке албаптырмын. Кыскасы баламдын ылдамдыгында басып келипмин, бирок, баладай кызыгуулар менен басып келбептирмин. Өзүмдүн да бир кездери жети жашар бала болгонумду унутупмун…

Котормо

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}