Балаңызды заманбап гаджеттерден алыс кармаңыз

Кичинекей балдар планшет менен смартфондорду заматта үйрөнүп алып жаткандарына азыр таң калбай деле калдык. Азыркы балдарга көптөгөн кызыктуу оюндар менен тиркемелер ойлонуп табылган. Бирок заманбап гаджеттер балага эмнеси менен коркунучтуу? Технология жетиштиктери эмнеси менен балага кандай коркунуч алып келиши мүмкүн? Илимий изилдөөлөргө негизделген кеңешибизди сунуштайбыз:

1. Мээнин тез жетилүүсү. Баланын мээси төрөлгөндөн баштап эки жашка чейин үч эсе тез жетилет жана 21 жашка чейин жетилүүсү уланат. Гаджеттер (телефондор, интернет, сыналгы) жетилип келе жаткан мээни андан да тездетет. Бирок мунун терс жагы да бар. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, гаджеттерди пайдалануу көңүлдүн жетишсиздик синдромуна, өнүгүүнүн когнитивдүү тоскоолдугу, билим алуунун кыйындыктарына жана көз карандуулукка алып келүүсү мүмкүн.

2. Өнүгүүнүн жайлашы. Кыймыл-аракет — ден соолуктун кепилдиги, ошону менен катар бул акыл менен зиректикти өнүктүрөт. Бирок заманбап оюнчуктарга кызыккан бала аз кыймылдайт— натыйжасында, өнүгүү жайлайт.

3. Ашыкча салмак. Окумуштуулар балдарда ашыкча салмактын пайда болушу узак убакыт бою смартфондо оюн ойноо менен жана сыналгыны көрүү менен байланыштырышат. Түрдүү гаджеттерди өз бөлмөсүндө эркин пайдалана алган балдардын 30 пайызы көбүнчө толуктуктан жабыр тартышат. Бул өз кезегинде, 30 пайыз толук балдардын диабетке учурап калуу коркунучу жогору. Ошону менен катар толук адамдар эрте инстульт алууга жана жүрөк токтоп калууга жакын келет.

4. Уйкунун канбоосу. Ата-энелердин 60 пайызы балдарынын гаджет менен канча убакыт отурганынын көңүл бөлүшпөйт. Албетте балдар оюндун кызыгына кирип, кеч жатап, уйкулары канбайт, күн тартиби бузулат, ал эми кээде уйкусуздукка урунушат — мунун баары алардын ден соолугуна терс таасир берет.

5. Психикалык оорулар. Көптөгөн изилдөөлөр билдиргендей заманбап оюнчуктар менен түзүмдөрдү чамадан сырткары пайдалануу балдарда стресс, коркунуч, көңүл бөлүүнүн жетишпестиги синдрому, аутизм, кош полярлык бузулуулар, психоз менен баланын иш-аракеттиндеги башка да бузулуулардын пайда болушуна алып келүүсү мүмкүн.

6. Агрессия. Психикасы дагы калыпташа элек кичинекей балдар сыналгы менен оюндарда көрсөтүлгөн көрүнүштөргө жакын кабыл алышат. Анда кээде өлтүрүү, сабоо, кыйноо сыяктуу көрүнүштөр көрсөтүлөт. Мунун баары балада агрессиянын пайда болушуна алып келет.

7. Маалыматтын көптүгү. Чамадан сырткары маалымат көңүл бөлүүнүн жетишпестик синдромунун пайда болушуна себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле бул жакшы окууга ттоскоолдук жаратат.

8. Гаджеттерге байлануу. Ата-энелер балдары менен ойноп, сүйлөшүнүн ордуна көп убакытын ноутбукка жана смартфонго карап отуруу менен өткөрөт. Эгер бала ата-энесине байланбаса, анда кээ бир заманбап оюнчуктардан соротуу издеп аларга байланып калат.

9. Радиациялык нурлар. Балдар чоңдорго караганда өтө сезимтал келишет. Ошону менен катар алардын мээси менен иммундук системасы ар дайым өнүгүү үстүндө болот. Ошол себептен уюлдук телефондордон бөлүнгөн радиациялык нурларга көңул бөлбөй коюуга болбойт. Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту сактоо уюму аларды жана башка да зымсыз түзүмдөрдү 2В категориясындагы канцерогенге киргизет.

Ушул келтирген баардык мисалдар балдарыбыздын ден-соолугу менен келечегин ойлонууга себепчи болот.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}