Балдар баамчыл келишет


Бакыт салкын желдүү ишемби күнү эки баласы менен мини-гольф ойногону аянтчага келди. Кассадагы жигитке барып, билеттер канча тураарын сурады. Кассир жигит:

— Чоң адамдар жана 6 жаштан жогору балдар үчүн 300 сом, ал эми 6 жашка толо элек балдар үчүн бекер кызмат көрсөтөбүз, деп жооп берди. Сиздин балдарыңыз канча жашта?

— Кичинекейи 3 жашта, ал эми улуусу 7 жашта. Демек, мынакей 600 сом.

Кассир жигит бир аз жылмайып:

— Мырза, уксаңыз, негизи айтам да, сиз 300 сомуңузду экономдоп калсаңыз болмок да. Мисалы мага улуу балаңызды болгону алты жашта деп койсоңуз мен байкабай деле калмакмын.

— Сиз байкабай калмаксыз, бирок, балдарым байкайт да.

Которгон: Айнек Муратбекова

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}