Балдар эмне үчүн жалган айтышат

 

Майкл Льюис 2-9 жаш арасындагы балдарга жалган айтуу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Балдарды бир бөлмөгө киргизип аркаларына оюнчук коюп, оюнчукту карабай чыккыла (балдардын алдына куту коюп, ичин карабай чыккыла) деген тапшырма берилген.  Андан кийин балдарга карадыңарбы деп сураган. Балдардын айрымдары караган болсо да карабадык деп жалган айтышкан. Жалган айткан балдарды жашы боюнча топторго бөлгөндө, 2 жаштагылардын 30% ы, 3 жаштагылардын 50% ы, андан жогорку жаштагылардын 80% га жакыны жалган айтышканы маалым болгон. Бул аң- сезимдин өсүп жетилүүсү менен байланыштуу деп түшүндүрүлөт… Ошондой эле, 3 жашка чейин айтылган жалгандар кыялдануунун мөмөсү болсо, 6 жаштан кийинки жалгандардын баланын мүнөзүнүн калыптануусуна терс таасирин тийгизүү коркунучу жогору. Мамиле курбай, сүйлөшпөй, жакындашпай баланын абалын жакшыртуу мүмкүн эмес. Балаңыз менен жакын мамиледе болуңуз, көп убакыт бөлүңүз, жакшы көргөнүңүздү сездириңиз жана эмне себептен жалган айтууга мажбур болуп жатканын түшүнүңүз.

Жалган айтуунун түрлөрү болгондой эле, кандай учурда жана кандай жалган сүйлөгөнүнө да көңүл бруу керек. Бирок, бардык учурда тең баланы «жалганчы» деп атабоо зарыл. Бул баланы ата-энем мага ишенбейт деген оор сезимге алып келет. Ошондой эле, жалган сүйлөгөн баланын жалган айтуу менен жашырган туура эмес ишинин натыйжасы балага зыян алып келерин да түшүндүрүү керек…

Балдардын жашы жогорулаган сайын жалган сүйлөөнүн көбөйүүсү эмнени түшүндүрөт? Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт же жалган айтууга эмнелер мажбур кылат? Жалган сүйлөбөөсү үчүн ата – эне эмне кылуусу керек? Бул суроолорго төмөнкү кеңештер жол көрсөтөт.

  1. Балдарынын жалган айтуусу мүмкүн экенин ойлоо – бул ата-эненин балдарына жалган сүйлөөнүн үлгүлөрүн көрсөткөнүнөн кабар берет. Балдарынын жанында телефондо, кокнок тосуу учурунда, коңшуларына, тууган-уругуна же коомдук жайларда башкаларга жалган айткан болушу мүмүкүн. Ата-эне жалган сүйлөп жүрүп баласына өз кызыкчылыгың үчүн жалган сүйлөөгө боло берет деген түшүнүктү калыптандырат. Балаңыз жалган айтпасын десеңиз, анда өзүңүз ар дайым чынчыл болуңуз.
  2. «Жалган айтсаң тилиңди кесип алам!» ж.б.у.с сөздөр менен баласын коркуткан эненин сөзүнүн таасири болбойт. Анткени, бул сөздүн өзү жалган, эч бир эне баласынын тилин кесе албайт. Мындай коркутуу менен эне жалган сүйлөөгө биринчи үлгү болуусу мүмкүн.
  3. Балдар эч качан себепсиз жалган айтпайт. Жалган айтуу менен бала бир коркунучтан кутулууну каалайт. Баланын жалган айтууга муктаж кылган коркуу сезимин түшүнүүбүз керек. Андыктан, бала ата-энесинен коркпоосу, болгонун жашырбай чындыкты айтуусу үчүн жакын мамиледе болуу керек.
  4. Бала чындыкты айткан учурда ата-энесинин ачууланарын билсе, жалган айтуу аркылуу бул абалдан чыгууну каалайт. Мисалы, бир идишти сындырган бала апасынын ачууланарын билсе муну жашырып, жалган айтат. Жалган айтуу менен апасынын каарынан кутуларын ойлойт. Ата-эне буюм сынса табыларын, бирок, жалган айтуу менен жоготулган ишеничти калыбына келтирүүнүн оор экенин түшүндүрүүсү, буюмдун сынуусу ата-эненин балага болгон мээримин эч качан азайып калбайт экенин сездирүүсү керек.
  5. Балдар ар дайым көрбөгөн камкордукту ооруган учурда гана көрө турган болсо, оорудум деп жалган айтуу менен өзүнө көңүл бурдурууну каалайт. Андыктан, балдарга бардык учурда аларды жакшы көргөнүңүздү сездирүүңүз керек.
  6. Айрым учурда чөйрөсү тарабынан баалануу үчүн жалган сүйлөйт. Жалгансыз эле баалуу экенин сездирүү жана чындык айтуу адамды баалуу кыларын түшүндүрүү керек.
  7. Бала жалган айтканда өзү каалаган же муктаж болгон нерселерге э болуусу мүмкүн экенин, бирок, эң негизги жакындарынын ага болгон ишенимин жоготорун түшүнүүсү керек.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}