Бал аарылардан 10 сабак

Кооз, жыпар гүлдөрдү аралап, адамдарга шыпаа болгон балды жыйнаган бал аарылардан 10 сабак:

  1. Бал аарыга бал топтоо үчүн Жараткан багыт берген. Анын эрки ошол ишке багытталган. Адамда эрк жана тандоо бар. Эркти туура жолдо колдонуу керек. Максатка, иштөөгө багытталган эрк болбосо, эч кандай ийгиликке жете албайсыз.
  2. Максатыңыз так белгиленүүсү керек. Бал аарысынын максаты так белгиленген гүлдөргө конуп бал топтойт. Бал топтоо үчүн ар түрдүү гүлдөргө конот. Ар түрдүү майда максаттар менен алек болуу чоң максатка жеткирүүсү керек.
  3. Бал аарысынын бара турган жолу жолго чыга электе белгиленген жана анын кыймыл аракети да учуу, өзүнө жарашыктуу бий менен кооздолгон. Жолго чыга электе бара турган жериңизди белгилеңиз жана ал жолдо кооз аракеттениңиз. Сизди баары үлгү алышсын.
  4. Максатка жетүү үчүн иштөө темпиңиздин ритмин белгилөөңүз керек. Бал аарысы 1 минутада 11400 жолу канат кагат, 1 саатта 24 км тездик менен учуп 50-100 гүлгө конот. Бул темп менен иштөөдө бал аарысы тажабайт, чарчабайт. Бардык аракети максатына багытталган. Максатыңызга жетүү үчүн бир темп менен токтоосуз, тажабай, чарчабай аракеттениңиз. Максатка берилүү менен иштөө адамды чарчатпайт да, тажатпайт. Эң көп же эң узун убакыт эмне жумуш аткардыңыз эле? Адам өзү сүйүп жасаган ишинен гана ырахат ала алат.
  5. Бал аары гүлдөрдөн азыктанып бал чыгаргандай иштөө учурунда жакшы нерселерди колдонуп, жакшы нерселерди чыгарууңуз керек. Бал аарылар да чымын-чиркейлер конгон жерлерге консо бал жыйнай алышпайт болчу. Кандай багытта болсоңуз же кандай иш кылсаңыз да ар дайым таза жолду, туура методду колдонуңуз жана бал сыяктуу таза, кооз, шыпаа болуучу таза нерселерди өндүрүп чыгарыңыз.
  6. Жаратканга тобокел кылууну алтернатива эмес, сизди колдоочу күч катары көрүүңүз керек. Бал аарысы канчалаган км аралыкты учуп өтүү, канчалаган гүлдөргө жетүү үчүн токтобой канат кагат. Максатыңызга жетүү үчүн токтоосуз аракет кылууңуз, колдон келген бардык аракетиңизди жумшооңуз кажет. Жаратканга тобокел кылуу аракетти арттыруучу жана тоскоолдуктарга карата чыдамдуулукту бекемдөөчү күч болсун.
  7. Кооз жерлерге конгон жана конгон жерин сындырып талкалабаган бал аарысы сыяктуу максатыңызга жетүү үчүн иштеп жатып жаратылган эч бир нерсеге зыян тийгизбеңиз. Максатыңа жетүүдө эч нерсени сындырбоого, бузбоого аракет кылыңыз. Эмне болгон кезде да эч бир жүрөктү оорутпаңыз, эч кимдин көз жаш төгүүсүнө себеп болбоңуз. Эсиңизде болсун, башкалардын жүрөгүн оорутуп, көз жашын төгүп жеткен ийгилигиңиз жакшылык алып келбейт.
  8. Улуу максаттар жалгыз адамдын аракети менен эле эмес, эң мыкты уюштурулган коллективдин аракетинин натыйжасында ишке ашат. Бир бал аары колониясы бир каныша аары, жүздөй эркек аары жана 10 000-80 000 ортосунда ургаачы жумушчу аарыдан турат жана 1 кг бал үчүн 40 000 аары 6 млн гүлдү аралап учат. Бул аябай уюшумдуу жамааттык аракеттин үлгүсүн көрсөтүп турат.
  9. Улуу иштер, ийгиликтер эң эле кичине аракеттердин натыйжасында пайда болот. Жалгыз бал аарынын таап келген балын тартып өлчөөгө болбогондой кичине көлөмдө болот. Миңдеген бал аарылар алып келген кичине бал бөлүкчөлөрү топтолгондо эң шыпаа зат, бал пайда болот. Эмне иш менен алек болуп жатасыз? Ар бир аткарган кичине ишиңиз улуу ишке салым кошсун. Жамаат менен иштеп жатсаңыз, баарын бириктирген улуу максатка багытталыңыз. Саат, күн, ай, жылыңыздын ар бирин пландаңыз. Ар бир убактыңыз чоң максатыңызга жакындатуучу аракет менен коштолсун.
  10. Эмгекти, группаңыздын эмгегин баалаңыз. Бал аарылар уюгуна чоочун бирөө келсе өлтүрүшөт же өздөрүнүн үйүнөн алыстатышат. Өздөрүнүн эмгегин коргошот.

Которгон: Өкөнбаева Турдугүл

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}