Бардыгы ниетке жараша

 

Япондор кезектеги техникалык кереметин жакында эле жарыкка чыгарышты. Кеп адамдын ою менен башкарыла турган «Асимо» деген робот тууралуу болуп жатат.  Кишинин башына мээден сигналдарды роботко өткөзө турган атайын башкийим-аппарат кийгизип сынап көрсө, робот адамдын оюна жараша кыймыл-аракетерди жасайт экен. Оюңда оңго бурулсаң, ал да оңго бурулат, колуңду көтөрсөң, колун көтөрөт, отурсаң, отурат, чуркасаң, чуркайт. Робот, бирок ойдун буйругун 7-9 секунддан кийин гана кабыл алат экен. Бул ачылышка, чынын айтсам, өтө деле таң калган жокмун. Анткени акыркы мезгилде ойдун күчү тууралуу көбүрөөк билгенге аракеттенип бир топ изилденген элем.  Ой, элес ушунчалык кубаттуу болоруна ансыз да бекем ишенем.

Кыргыздын «Бардыгы ниетке жараша», «Дилиң бузулса, түрүң бузулат», «Кандай ойлосоң, ошондой болот» деген сыяктуу накыл кептери ойдун канчалык кудуреттүүлүгүн айтып турат. «Мен ушундай болорун билгем», — деген көб.нчө өкүнүч менен айтылган кепти укпаган жан болбосо керек. Келечекте эмне кандай болорун Жараткандан башка ким билмек эле? Болгону, турмушта кээ бир нерселер биз күтүп, божомолдогондой чыгып калат. Бул кокустукпу же … Балким, оюбуз менен чындыкты чакырган өзүбүздүрбүз. «Сенин азыркың – мурдагы ойлоруңдун жыйынтыгы гана», — деп бир акылдуу инсандын айтканын кулагым чалды эле.

«Япон кереметинин сыры» китебинен

Нуржигит Кадырбеков

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}