Башкаруу – бул түздөнүү. Сиз түздөнгөндө, башкалар кантип түздөнбөй койсун

Зи Кан зы Устаттан мамлекеттик башкаруу жөнүндө сурап калат. Устаттын жообу:

— Башкаруу – бул түздөнүү. Сиз түздөнгөндө, башкалар кантип түздөнбөй койсун!? Зи Кан зы суроо узатат:

— Жол-Жосуну жоктордун баштарын алып, Жол-Жосуну барларды өзүңө тартсаң эмне болот? Устаттын жообу:

— Колуңузда бийлик турат, баш кесип эмне кыласыз? Эгерде жакшылыкты тилесеңиз, эл журт да жакшылыктын жышаанын сезет. Ак ээктин айкөлдүгү сыдырым соккон жел сыяктуу, пенденики чөп сымал. Жел кайда жүрсө, чөп ошол жакка ийилет.

***

Зыкүн мамлекеттик башкаруу жөнүндө сурап калат. Устаттын жообу:

— Элдин курсагы ток болсо, курал-жарак жетиштүү болсо, эл ишеним көрсөтсө – мамлекеттик башкарууга жатат. Зыкүн суроосун улантат:

— Ушундай бир зарылдык жаралса, Сиз айткан үч нерсенин кайсынысын алып салса болот? Устаттын жообу:

— Курал-жаракты. Зыкүн суроосун улантат:

— Экинчи кайсынысын алып салса болот? Устаттын жообу:

— Азык-түлүктү. Ажалдан эч ким качып кутулган эмес. Ал эми эл ишениминен кетсең, тактыны кармап кала албайсың.

***

Зыжан Устаттан мамлекеттик башкаруу жөнүндө сурап калат. Устаттын айтып турганы:

— Такка отурдуңбу – чарчоо деген эмне экенин унут, ар дайым чынчыл бол.

 

***

Жун-күн адамгерчилик жөнүндө сурап калат. Устаттын жообу:

— Адамгерчилик – бул кадыр-барктуу мейманды тоскону үйдөн чыга калгандай; улуу курмандык чалып жаткансып, элди башкаргандай; өзү каалабаганды башкаларга да кылбагандай; хандыкта да, үй-бүлөдө да нааразылык болбогондой. Жун-Күн мындай деген экен:

— Бир нерсени тез аткарбасам да, айтылган сөздөрдүн аткарылышына аттанайын.

 

***

Сыма Нүү адамгерчилик жөнүндө сурап калат. Устаттын жообу:

— Сөзүн таптап, аяр сүйлөгөн киши адамгерчиликтүү болот. Сыма кайталап сурайт:

— Аяр сүйлөгөн адамгерчиликтүү болот дейсизби? Устаттын жообу:

— Кыйын иш тилиңен да кыйналып чыгат.

***

Зыжан акыл-эстүү, билимдүү киши жөнүндө сурап калат. Устаттын жообу:

— Кимге жашыруун ушак, ачык калп таасир бере албаса, анда ал акыл-эстүү киши.

Кимге жашыруун ушак, ачык калп таасир бере албаса, анда ал алысты көрө билген киши.

 

***

 

Зыжан сурап калат:

— Эң мыкты деген атка конуш үчүн аалым эмне кылышы керек? Анда Устат мындай собол таштайт:

— Кызык, а сен кимди эң мыкты деп атайсың? Зыжан:

— Бүткүл кандыкка, бардык үй-бүлөгө таанымал аалымды атайт элем. Буга Устат мындай деген экен:

— Аны атагы алыска кетти дейли, бирок кантип эң мыкты деп атайбыз. Эң мыкты дегенибиз табияттынан түз жана адилеттүү болот, айтылган сөзгө кулак төшөйт, кишини жүзүнөн ажырата билет, өзүн башкалардан жогору койбойт. Ошондо гана аны бүткүл кандыкта, ар бир үй-бүлөдө мыктынын мыктысы катары кабыл алышат. Ал эми адамгерчиликтүү көрүнүп, оозго алынса, бирок баарын теңирден тескери жасасачы? Андай падыша тактысына кебелбей келип олтурат. Дал ушундай киши бүткүл кандыкта, ар бир үй-бүлөдө таанымал гана болот.

 

***

Устат менен сейилдеп жүргөн Фан Чи сурап калат:

— Айкөлдүктү көкөлөтүү деген эмне, жамандыктан арылып, тазаруу деген эмне, адашканыңды таап чыгуу деген эмне? Устаттын айтып турганы:

— Эң мыкты суроо экен! Алгач ишти бүтүр, анан сыйлыгын ал – бул айкөлдүктү көкөлөтүү эмеспи! Өзгөнүн жамандыгы менен күрөшпөй, өзүңдүн жамандыгың менен күрөш – бул жамандыктан арылуу, тазаруу эмеспи! Каарданып жатып өзүңдү да, жакындарыңды да унутуп калсаң – бул адашканың эмеспи!

 

Кун Фу Зы (Конфуций) китебинен

Которгон Э. Асек уулу

 

 

 

 

 

 

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}