Баштаган ишти аягына чыгаруу жолдору

1) Аткарыла турган иштериңиздин тизмесин түзүп алыңыз. Кагаз калемди колго алып, иштериңизди бир баракка тизмектеп алган соң, 10 мүнөттөн кийин кайра бир көз чаптырып чыгыңыз. Андан соң кайсы иштерди чындап аткарышыңыз керек аныктап алыңыз дагы, ашыкчаларын тизмеден өчүрүп салыңыз.

2) Тайм-менеджментте “2 мүнөт эрежеси” принциби бар, ал принцип аткарууга 2-5 мүнөттук убакытты алган иштерди жасоого арналат. Мисалы: китеп текчесин ирээттөө, кийимдерди жыйноо, сөздүк жаттоо ж.б. Сиздин негизги аткарылуучу иштериңизге таасирин тийгизип, убакыт алган иштерди “2 мүнөт эрежеси” менен бүтүрүп коюңуз.

3) Тайм-менеджменттеги дагы бир принцип-“Баканы жеп сал” принциби. Бул принциптин эрежеси боюнча жогоруда түзгөн тизмеңизде аткарууга жалкоолук себеп болуп жаткан же аткарышыңыз керек бирок, сизде каалоо жок болуп жаткан иштерди жашыл түскө боёп коесуз да, дал ошол иштерди түшкө калтырбай бүтүрөсүз. Бака жагымсыз, бирок, жегенге туура келет. Демек, иштериңизди аткаргыңыз келбей жатса да аткарасыз.

4) “Пилди бөлүү” принциби. Тизмеңиздеги эң оор, убакытты көп талап кылган жана татаал иштер “пил” деп аталат. Пилди оор боюнча ташыбай, бөлүктөрүнө ажыратып ташыйбыз. Бул принциптин эрежеси, оор жана татаал иштерди бир канча бөлүктөргө бөлүп, ошондой эле бир канча саатта аткарылып бүткөндөй кылып сааттарга да бөлөбүз. Мисалы, бир китепти окуп бутурүү керек болсо, эртең менен биринчи бөлүгүн 30 мүнөттө, түштө экинчи бөлүгүн, ал эми үчүнчү бөлүгүн кечинде 1 саатта окуп бүтүрөбүз.

5) Жыйынтык чыгаруу. Ар бир иште жыйынтык чыгаруу абдан маанилүү. Өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша ар жумада же ар айда жыйынтык чыгарып туруңуз. Жыйынтыгында карасаңыз эле бир канча “бакалар” желип бүткөн болот, “пилдин” бир канча бөлүгү ажыратылган болот. Натыйжада бул аракетиңиз адатка айланып, автоматтык түрдө иштериңизди аягына чыгарып баштайсыз.

Даярдаган Муратбекова Айнек

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}