Белектин ээси

Өткөн заманда, Чыгышта атактуу самурай  жашаган экен.  Ал улгайып,  жаштарга сабак бере баштайт. Самурай улгайып калса да, адамдар аны эч ким жеңе албасына ишенишчү. Күндөрдүн биринде самурай жашаган айылга зөөкүрлүгү менен аты чыккан бир самурай келет. Ал жаш жана сабырсыз болсо да  атаандашын ачуулантуу менен биринчи кол салуусуна шарт түзүп, коргонуу тактикасын колдонуу менен эч кимге жеңилчүү эмес. Ал улгайган самурайдын атак-даңкын угуп, аны менен күрөшүп, аны жеңүү менен элге дагы да таанылгысы келген. Улгайган агайынын жаш, күчтүү самурай менен күрөшүүсүнө шакирттеринин каршы болуусуна  карабастан, ал күрөшүүгө макул болот. Эл айылдын ортосуна чогулат, жаш самурай атаандашына акаарат айта баштайт,  жүзүнө түкүрөт, болгон бардык жаман сөздөрдү айтып, керек болсо улгайган самурайдын ата-тегин да акаарат келтирет. Атаандашынын биринчи кол салуусу үчүн болгон бардык иш аракеттерди жасайт, бирок улгайган самурай унчукпастан, токтоо болуп тура берет. Ошентип, түш оойт, абал өзгөрбөйт, сабырсыз самурай  айласы кетип, аянттан чыгып кетет. Устазынын акаараттарга эч кандай жооп бербегенине бушайман болгон шакирттери чыдамсыздык менен сурашат:

— Мындай акаараттарга кантип чыдап турдуңуз? Эмне үчүн андан жеңилбешиңизди билсеңиз да, кылычыңызды колдонбодуңуз? Жеңиштин ордуна коркоктой болуп тура бердиңиз? – дешет. Улгайган самурай токтоолук менен:

— Эгерде бир адам сага белек берсе, бирок, сен ал белекти кабыл албасаң, ал белек кимде калат? – деп сурайт шакирттеринен.

— Белекти берүүгө аракет жасаган адамда калат. – деп жооп беришет.

— Туура. Бул нерсе кызганган, ачууланган, акаарат сөздөр үчүн да өтүмдүү. – дейт улгайган самурай.

Котормо

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}