Беш ойчулдун беш жолу

Тажрыйбалары мол беш ойчул токойдо адашып калышат. Алардын бири айтат: «Интуиция мага солго бурулуу керек экендигин билдирип жатат». Экинчиси: «Тууралык жана оң жак — бир маанини билдирген сөздөр, мен ушул тарап менен барайын» — деп чечет. Үчүнчүсү башкача ойлонот: «А мен артка кайтам. Эгерде мен биз келген жол менен кайра артка барсам, сөзсүз токойдун четине чыгам». Төртүнчүсү болсо тескери: «Алга гана жылуу керек — бир канча убакыттан соң дарактар түгөнөт жана мен адамдарга жолугам». Акыркысы мынтип сөз салат:»Силер баарыңар адашып жатасыңар. Мен туура жолду аныктоонун так ыкмасын билем». Ал чоң даракты тандайт да, анын үстүнкү бутактарына тырмышып чыгат. Ал бакка чыккыча, башка шериктери ар бири өз жолу менен кетет.

Дарактын дээрлик эң бийик чокусуна чыккан бешинчи ойчул токойдон чыгуу үчүн кандай жол менен баруу керектигин көрөт. Ал жадагалса шериктеринин кимиси адамдарга биринчи, ал эми кимиси акыркы чыгарын белгилөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.  Жана, албетте, ал эң кыска чыйыр жолду да көрөт.

Бешинчи ойчул көйгөйдүн үстүнөн карап, абалдан оптималдуу чыгуу жолун таап чыгат. Ал туура чечим чыгарды, жана баарынан биринчи болуп маселени чече алды. Так анын сөзү туура болгонуна карабастан, башкалар көк беттенип, ага кулак салууну каалашпады жана эми токойдо адашып жүрүүгө аргасыз болушту.

Бирок иш жүзүндө алардын баары: бешинчи ойчул да, анын шериктери да, ар бири өз-өзүнчө туура чечим чыгарган эле.

Солго бурулган акылман токойдун эң түпкү жагына кирип кетет… Ал ачка калат жана да токой жырткычтарына каршы туруштук берүүгө аргасыз болот. Бирок ошентип отуруп, ал жапайы жаратылышта күн кечирүү тажрыйбасын топтой алат жана натыйжада өзүнүн ыктарын жана билимдерин башкалар менен бөлүшөт.

Экинчиси тоноочуларга кезигет. Алар адашкан жолоочунун нерселерин тартып алышат жана өздөрү менен бирге талап-тоноочулук кылууга зордошот. Бирок убакыттын өтүшү менен ойчул кылмышкерлерде алар мурун эстеп да койбогон сезимдерди ойготот, — адамдарды сүйүү жана боорукердик. Алардын кээ бирлери ушунчалык таасирленишкендиктен өздөрү улуу билимге жана акылмандыкка жетишет.

Артка кайткан ойчул, кийинчирээк кенен даңгыр жолго айланган, чыйыр жол салат. Жана адамдар адашып калуудан коркпой ал жол менен басууга мүмкүнчүлүк жараткан болот.

Алга жылган төртүнчү ойчул болсо, алгачкы жер ачуучу катары даңкка жетет. Ал мурда эч ким угуп-билбеген жерлерге туш болот, дары чөптөрдү изилдейт жана ажайып жаныбарларды көрөт.

Бакка тырмышып чыккан бешинчи ойчул эң кыска жол издеп табуу боюнча мыкты чеберге айланат. Кыйын абалдан тез чыгуу жолун табууну каалагандар ага кеңеш сурап кайрыла турган болду, бул өнүгүп-өсүүгө өбөлгө түзбөсө дагы. Ошентип беш жолоочунун баары тең өз миссияларын аткарышты.

Корутунду.

  • Көйгөйдү үстүнөн кара, ошондо абалдан ыңгайлуу чыгуу жолун табасың.
  • Башкаларга алар өздөрү тандаган жол менен кетүүгө уруксат бер.
  • Баарынын тууралыгын кабыл ал — ар бир жол маанилүү жана ардактуу.
  • Жана акыркысы… Финиш — бул акыркы чек эмес. Анын дайыма уландысы болот.

 

Которгон Шамшидин кызы Элнура

 

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}