Бир туугандардын адилеттүүлүгү

Бир тууган ага-инилер атасынан мураска калган жерди ортодо иштетишип, түшкөн пайданы да ортодо бөлүшүшөт. Тең жарымын агасы, калганын иниси алат. Агасы үй-бүлөлүү, бала-чакалуу, ал эми иниси болсо жалгыз жашайт. Күндөрдүн биринде иниси: «Үрөөнүбүздү тең бөлүшкөнүбүз адилеттүү эмес, мен жалгызмын жана муктаждыгым да көп эмес…»- деп ойлонот. Ошентип ар күнү кечинде өзүнүн кампасынан агасынын кампасына жашыруун буудай ташып баштайт. Агасы да «Үрөөнүбүздү тең бөлүшкөнүбүз адилеттүү иш эмес, менин жубайым, балдарым бар. Карыганымда үй-бүлөм мага камкордук кылышат. А инимдин болсо эртеңки күндө карай турган эч кимиси жок. Ал жалгыз.»- деп ойлонот да,  түндөсү инисинин  кампасына үрөөн ташып баштайт. Ага-ини бир туугандар бир нече убакытка чейин эмне болуп жатканын түшүнө алышпайт. Анткени, экөөсүнүн тең кампасындагы үрөөн өзгөрбөйт. Акыры бир түнү бири-биринин кампасына жашыруун үрөөн алып бара жатышканда жолугушуп калышат. Ошол учурда эмне себептен кампаларында өзгөрүү болбой жатканын түшүнүшүп, каптарын жерге коюп кучакташышат.

Которгон: Өкөнбаева Турдугүл

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}