Бир тууган

Чындыганды супер баатыр болгондон көрө бир тууган болгон миң эсе артык.

Биллдин туулган күнүндө агасы ага жеңил авто унаа белек кылган болчу. Билл офистен чыкканда анын унаасынын жанында жаш бал айланчыктап, унаага кызыгып, ар кай жерин карап жүрүптүр.

— Бул сиздин унааңызбы, мырзы?-деп сурады жаш бала.

— Ооба, бул унааны мага агам белек кылды,-деп башын ийкеди Билл.

Жаш бала таң калуу менен:

— Демек сизге агаңыз белек кылдыбы?… Билл албетте түшүнүп турду, бала Биллдикиндей агасы жана унаасы болуусун каалап турса керек. Бирок жаш баланын айтканын угуп алып, абдан толкунданып кетти:

— Мен дагы сиздин байкеңиздей байке болсом го…

Билл жаш балага аны менен унаасында айланып келүүнү сунуш кылды. Бала болсо кубануу менен макул болду.  Бир аз жүргөндөн кийин жаш бала Биллден өзүнүн үйүн көздөй айдоосун суранды. Билл жылмайып гана койду. Ал баланын оюндагысын билип турган. Бала кошуналарына мактангысы келип жатса керек. Бирок, Билл бул ирээт дагы жыңылышты.

— Сиз тиги тепкичтин жанында күтүп тура аласызбы-деп өтүндү бала. Өзү болсо үйдү көздөй жүгүрүп кирип кетти. Бир канча мүнөттөн кийин оор жана жайдан келе жаткан кадамдын үнү угулду. Жаш бала майып кичинекей бир тууганын алып чыгып, тепкичке отургузуп ага мээримдүү карап мындай деди:

— Карачы, бул унааны ага байкеси белек кылган экен. Иниси бул белекке татыктуу да. Качандыр бир кезде мен дагы сага ушундай белек тартуулайм…

“Куриный бульон для души” китебинен

Которгон: Айнек Муратбекова

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}