Бул сенин чыныгы апаңдын добушу … 

— Кандайсың?! Суранам, телефонду койбой турчу!
— Сага эмне керек? Сенин келжиреген сөздөрүңө убактым жок, тезирек айт!
— Мен бүгүн дарыгерге бардым …
— Ии анан, ал эмне деди сага?
— Боюмда бар экени анык чыкты, төртүнчү айда экен.
— Мен эмне кылмак элем? Мага ашыкча баш оорунун кереги жок, жогот аны!
— Андайга кеч болду деп айтышты. Эмне кылайын?
— Менин телефон номурумду унут!
— Кантип унутам? Ало — ало!
— … Абоненттин аппараты очурулгон …

Арадан үч ай өттү.

» — Салам бөбөгүм!”, жооп “-Салам. Сен кимсиң?”
» — Мен сенин Коргоочу Периштеңмин.»
» — А сен мени кимден коргойсуң? Мен бул жердемин да, кайда кетмек элем.»
» — Аябай күлкүлүү экенсиң! Кандай анан бул жерде, жашооң кандай өтүп жатат ?»
«— Мен жакшымын! А бирок менин апам күндө эле ыйлап атат.»
« — Бөбөгүм, сен көп камтаба болбо, чоңдор алар ушундай, дайыма бир нерсеге наразы! Сен эң негизгиси көбүрөк укта, күч топто, күчүң сага али далай керек болот!»
« — Сен менин апамды көрдүңбү? Апам кандай экен?»
«- Албетте көрдүм да, мен дайым жаныңдамын го! Сенин апаң сулуу анан аябай жаш!»

Дагы эки ай өттү.

— Эмне кылса болот муну өзү? Бирдемке улам эле чыканагымдан түрткөндөй болуп эле …  мына экинчи стаканды да төгүп алдым! Мындай кетсе арак деле калбай калчуудай!
«— Периште, ушул жердесиңби?»
« — Албетте ушул жердемин.»
«— Бүгүн апам өзүн аябай эле жаман сезип жатат. Күнү бою ыйлап, өзүнөн өзү сүйлөнүп, урушунуп чыкты!»
«— Сен аларга көп көңүл бурба, жарык дүйнөнү көрүүгө даяр боло элексиңби?»
«— Даяр эле окшойм, бирок коркуп атам. Апам мени көргөндө мындан да жини келип кетсечи?»
«— Антпе да сен, апаң сөзсүз сүйүнөт. Сендей бөбөктү кантип эле жакшы көрбөй койсун?»
«— Периште , а ал жактар кандай? Бул ичтин нары жагында эмнелер бар?»
«— Азыр бул жакта кыш мезгили. Тегеректин баары аппак, асмандан жакшынакай карлар түшүп жатат. Жакында сен өз көзүң менен көрөсүң!»
« — Периште, мен баарын көрүүгө эми даяр болдум!»
«— Кана эмесе бөбөгүм, мен сени күтөм!»
«— Периште, менин жаным ооруп жатат, мен коркуп атам!»

— Ой, ооруп атат жаным, ооруп, ичим толгоп атат! Бирөө жарым жардам бергилечи …өзүм жалгыз кантем эми. Жардамгаа, ооруп атат …
Наристе, эч кимдин жардамысыз, бат эле төрөлдү. Ымыркай апасынын жанын оорутуп алам деп корккону үчүнбү, айтор ким билет.

Бир күн өттү, кечки маал, шаардын чети, турак жайлардан анча алыс эмес жер:
— Сен балам мага капа болбо. Азыр заман ушундай экен. Мен эле жалгыз ушундай эмесмин. Сени көтөрүп алып эми кайда бармак элем? Менин бүт жашоом али алдыда да. А сага баарибир эмеспи, сен уктап каласың , анан баары бүтөт…
«— Периште, апам кайда кетти?»
«— Билбейм, сен камтама болбо, ал азыр кайра келет.»
«— Периште, сенин үнүң эмнеге өзгөрө түштү? Сен ыйлап атасыңбы? Периште, апамды шашыл дечи, чакырчы, болбосо мен бул жерде үшүп кеттим»
«— Жок бөбөгүм, мен ыйлаган жокмун, сага ошондой сезилип кетти, азыр апаңды алып келем! Бирок сен уктаба! Сен ыйла, кыйкырып ыйла!»
«— Жок , Периште мен ыйлабайм, апам мага укта деп айткан да»

Ушул эле учурда , жакынкы беш кабат үйдүн бир батиринде аялы менен күйөөсү урүшуп жатышат:
— Мен сени түшүнбөй жатам! Эмне жөнөп калдың көчөгө түн ортосунда ? Эшик караңгы! Сен, ошол ооруканага барып келгенден бери киши чыдагыс болуп баратасың! Жаным, биз эле мындай эмеспиз, миңдеген жубайлар тукумсуздук диагнозу менен жашап эле жүрүшөт го эптеп.
— Мен сенден суранам, кийимиңди кийчи, кеттик!
— Кайда?
— Билбейм кайда! Мен жөн эле сезип жатам, мен азыр бир жакка барышым керек! Мага ишенчи, суранам!
— Макул, ушул акыркы жолу! Уктуңбу, акыркы жолу сенин айтканыңды кылып жатам!

Жубайлар подьездден чыкты. Алдыда аялы бат-бат кадам шилтеп кетип жатты. Артынан күйөөсү ээрчип барат.
— Жаным, менимче сен бирөөнүн көрсөткөн жолу менен бараткандайсың ? Эмне болду?
— Сен ишенбейсиң, мени бирөө жетелеп баратат.
— Антип коркутпачы мени. Эртең үйдөн чыкпай жатып эс алам деп сөз берчи. Мен сенин дарыгериңе телефон чалам!
— Акырын … угуп атасыңбы, бирөө ыйлап атат?
— Ооба, тигил жактан баланын ыйлаганы угулуп жатат!

«— Бөбөгүм, каттуураак ыйла! Сенин апаң адашып кетти, бирок азыр сени таап келет!»
«— Периштем, сен кайда кеттиң? Мен сени чакырдым, сен жоксуң. Мен аябай үшүп атам!»
«— Мен сенин апаңды издеп жүрдүм. Мына келип калды!»
— О Кудай, чын эле жаш бала го! Өтө эле тоңуп калыптыр, бачым, үйгө алып баралы! Садагам, Кудай бизге бала жибериптир!
«— Периште, апамдын үнү өзгөрүп калыптыр»
«— Бөбөк, ушул үнгө көнө бер эми, ушул сенин чыныгы АПАҢДЫН добушу!»

Которгон Данияр Өскөнбаев

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}