Бул үй сизге белек

Ишине берүүлүү менен мамиле кылган, белгилүү бир устанын жашынын бир топко барып калганынан улам ишин токтотуусу, ардактуу эс алууга чыгуусу керек эле. Ишканасынын жетекчисине барып, эми ардактуу эс алууга чыуусу, үй-бүлөсү менен эс алып эркин жашоосу жөнүндөгү оюн билдирип уруксат сурайт. Жетекчиси анын иштен кетүүсүнө капаланат. Улгайган устадан акыркы иши катары бир үй куруп берүүсүн өтүнөт. Уста аргасыз  макул болуп, ишке киришет. Бирок, бул ишке  көңүлсүз экени жасап жаткан ишинен белгилүү эле. Анткени, эптеп-септеп көңүл толбогон бир үй куруу менен бүт өмүрүн арнаган сүйүктүү кесибинин соңуна чыгат. Үй курулуп бүткөндө жетекчиси келип,  үйдүн кандай курулганын карап чыгат да, үй кургандыгы үчүн эмгек акысы менен бирге үйдүн ачкычын устага берип жатып, «Бул үй сизге белек! Куруп берүүңүздү өтүнүп жатып, сизге белек кылууну максат кылган элем!» — дейт. Уста аябай таң калып, эсинен кете жаздайт. Жасаган ишинен абдан уялат. Эгер куруп жаткан үйдүн өзү үчүн экенин билгенде ушинтип курмак беле?!

Уста терең ойго батып: «Бул дүйнө жашоосу да ушундай. Ар күн сайын биз өз жашообузду курабыз. Көпчүлүк учурда кылып жаткан ишибизге колубуздан келе турганынан азыраак аракет жумшайбыз. Кийин болсо өзүбүз курган үйдө өзүбүздүн жашашыбызды кечирээк түшүнөбүз. Эгер кайра дагы бир мүмкүнчүлүк берилсе эң эле мыкты курууну каалайт элек. Тилекке каршы артка кайтууга мүмкүнчүлүк берилбейт. Адам баласы өз үйүнө ар күнү бир кыш коюп, бир такта, бир мык кагат тура. Ар бир адам өз жашоосунун куруучусу. Бүгүнкү тандообуз, мамилебиз, ар бир иш аракетибиз эртең жашай турган үйүбүздүн пайдубалы. Андыктан, өз үйүбүздү эң эле мыкты куруу үчүн туура чечим кылуу керек экен.» —  дейт өзүнө.

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}