Джон Рокфеллер жана беш жүз миң доллар

«Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» дегендей бир бизнесмендин башына оор күн түшкөн эле. Эмне кылбасын иштерин жөнгө сала албай жаткандыктан аябай капаланып жүрдү. Бир кездерде аябай ийгиликтүү, бай киши болгонуна карабай, ошол кезде карызга баткан, бир тараптан карыз бергендер шаштырса, бир тараптан жумушчулар акысын берүүсүн күтүп жаткан. Жашоосунан чарчап, бул абалдан чыгуучу эч бир жол таппай жүрдү. Бир аз дем алып, ойлорун топтоо үчүн үйүнүн жанындагы эс алуу багына чыгып олтурду. Башын эки колдоп кармап, чечүүчү жолдорду ойлонуп баштаганда, жанына бир карыя келип, «Аябай капалуу көрүнүп жатасың, cени кыйнаган оор маселең бар окшойт. Дарт бөлүшүлсө азаят, мени менен бөлүшөсүңбү?»- деп жанына олтурду. Ишкер башынан өткөргөндөрүн, кыйынчылыктарга туш болгонун баарын айтып берди. Карыя бизнесменди угуп бүткөн соң, «Өзүңдү кыйнаба! Мен сага жардам берем!»- деп чек дептерин алды да, чек жазылган кагазды айрып, сунуп жатып «бул акча сеники, бир жылдан кийин ушул жерде жолугушабыз, карызыңды ошондо төлөйсүң, азыр алып иштериңди бүтүр» деп, келген жагын көздөй шашып басып кетти. Ишкер колундагы чек кагазында беш жүз миң долларды, коюлган колдун Джон Рокфеллерге таандык экенин көрүп бардык кайгысын унутту. Дүйнөдөгү эң бай адам алдынан чыгып, ага колдоо көрсөттү. Ушундай да күтүлбөгөн шанс болобу? Ал беш жүз миң доллар бардык карызын төлөөгө, иштерин алдыга жүргүзүүгө жетет эле. Бирок, чекти бузуп иштетүүдөн баш тартты. Дүйнөдөгү эң бай кишиден чек алдым деп кубанып, аны кассасына салды да, бардык иштерин бирме-бир карап чыгууга бел байлады. Кассамда беш жүз миң долларым бар деген кубаныч менен иштерин жакшыртуунун жолдорун ойлоп, тез арада карыздарынан кутулду. Кийинки айлардан киреше таба баштады. Арадан бир жыл өтүп, белгиленген күн келгенде кассадагы чекти ошол бойдон алды да  эс алуу багына барды. Белгиленген убакыт болгондо карыянын шашып келе жатканын көрүп кубанды. Чекти узатып, башынан өткөргөн ийгиликтерин айта баштаганда, карыянын артынан бир ак халатчан медайым чуркап келип,  «Тапканыма кубанычтамын, сизге эч кандай зыян бербегендир, бул киши карылар үйүнөн эс алуу багына качып келип, адамдарга өзүн Джон Рокфеллермин деп тааныштырат»,- деп карыяны жетелеп басып кетти. Бизнесмен болгон окуяга таң калып, ордунда кала берди. Бир жылдан бери кассамда жарым миллион долларым бар деген ой менен келишимдерди түзүп, ийгиликтүү аяктаган эле. Ошол кезде анын жашоосун өзгөрткөн акча эмес, өзүнө болгон ишеними, аракети экенин түшүндү. Ийгиликтин сыры-кассабыздагыда эмес, жүрөгүбүздөгү жана мээбиздеги ишенимибиз, оюбузда! Аны башка жактан издөөнүн пайдасы жок.

Турдугүл Оконбаева

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}