Дин — ыкластуулук

«Дин – ыкластуулук», «Амалдар ниетке жараша», «Силерден бирөөңөр өзүнө каалаганды башка момун мусулманга кааламайынча толук момун боло албайт», «Адамдын өзүнө тиешелүү болбогон нерседен оолак болуусу, жакшы мусулман экендигин көрсөтөт.» деген хадистер Ислам дининин адеп-ахлакка канчалык маани бергендигин көрсөтөт.

Абдуллваххаб аш-Шаранинин «Исламда бир туугандык укуктар» аттуу эмгегинде «Дин бул ыкластуулук» хадисине токтолгон. Аталган хадистин «Бардык мусулмандарга карата ыкластуулук» бөлүгүн башка хадистерди пайдалануу менен түшүндүрүп, мусулмандарга карата ыкластуулуктун бир канча түрүнө токтолот.

  • Мусулмандарга карата насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – мусулмандардын кайсыл бирөөсүнө тили жана кыймыл-аракети менен зыян бербөө.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – мусулман бардык мусулманга сый көрсөтүүсү, аларга текеберленбөөсү керек.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – эл арасында сөз ташуучулук , ушакчылык кылбоо.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – мусулмандын таанышына же тууганына таарынычы үч күндөн ашпоосу керек.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – кайсы бир мусулмандын үйүнө уруксаты жок кирбөө.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – баарына жакшы адеп-ахлак жана эң туура жол кайсы болсо, ошону менен мамиле кылуу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – бардык адамзатка жылмаюу, сылык жана чын көңүлдүү болуу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – берген убадага бек болуп, аны орундатуу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – адамдарга карата ынсаптуу болуп, өзүнө каалабаган нерсени башкаларга да ыраа көрбөө.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – кайсы жол менен болсо да араздашкандарды жараштыруу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү –  башкалардын кемчилик жана жамандыктарын жашыруу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – мусулмандардан азап чеккен же арыз-муңу болгондордун абалын жетекчилерге  жеткирүүдө ортомчу болуу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – саламдашууну жайылтуу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – мусулман бир тууганынын жанын, мал-мүлкүн башкалардын зулумдугунан коргоо, ага жардам көрсөтүү.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – алсыздарга жардам көрсөтүү, жетим-жесирлерге жедирүү.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – өзүнө каалаганды мусулман бир тууганы үчүн да каалоо.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – ооруган инсандарды зыярат кылуу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – ар бир мусулманга насаат айтуу жана жүрөгүн шаттык менен толтурууга аракет  кылуу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – жаназаларга көз салып, барып туруу.
  • Насааттын/ыкластуулуктун бир түрү – мүрзөлөрдү зыярат кылып туруу. Мунун максаты дуба кылуу, сабак алуу жана жүрөктү жумшартуу.

«Дин ыкластуулук, кырк аят, кырк дуба, кырк хадис» китебинен,

Ферхат Гөкче

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}