Дүйнөдөгү кооз майрамдар

Биздин дүйнө ачык түстөгү жана ар түрдүү укмуштуудай көрүнүштөргө  толгон. Бул макалда дүйнө жүзү боюнча ар кайсы өлкөлөрдө белгиленген жаркыраган майрамдар жөнүндө учкай маалымат берилет. Ар бир өлкөнүн өз каада-салттары жана жашоого болгон  көз караштары  алардын  майрамдарында берилген. Көз жоосун алган кызыктуу, кооз майрамдар менен таанышыңыз.

 

1. Рио-де-Жанейродогу карнавал. Жылган аянтчалар, музыка, бийчилер, жана ырчылар менен коштолгон укмутуудай карнавал.

2.Индиядагы Холли- бул жапжарык, жаркыраган майрам. Бул күнү индиялыктар жаздын келишин жана табияттын гүлдөшүн майрамдашат. Эркектер да аялдарда жуунушуп, бири-бирине дары чөптөн жасалган түркүн түстүү күкүмдөр менен бири-бирине чачышып жарышышат.

3. Саппоро шаарындагы кар майрамы. 7 күнгө чейин созулган Япон майрамында каардан жана муздан көптөгөн айкелдерди жасашат.

4. АКШ Нью-Мексикада шарлар фестивалы. Бул кызыктуу иш чара Альбукерк шаарында өтөт, ал жакта дайыма аба басымдуулук кылгандыктан иш-чара мыкты деңгээлде өтөт.

5.Ар бир июль айында Португалияда асман кол чатырлар(небесные зонтики)  фетивалы өтөт. Агеда көчөлөрүндө бир ай бою миңдеген түркүн түстүү кол чатылары илинип,  укмуштуудай сезимдерди берет.

6. 70 жылдан бери август айынын акыркы жумасында Испания мамлекетинин Буньол шаарында өтүүлүчү «Томатина» майрамы. Луи Бертран жана Богоматери — коргоочунун урматына өткөрүлгөн чыныгы помидор кыргыны болуп эсептелет.

7. Ал эми Түштүк Кореяда жыл сайын ден соолукка миниралдуулугу менен пайдалуу баткак майрамы өткөрүлүп турат. Бул майрамдын негизинде баткакта чуркоо, согушуу конкурстары өткөрүлөт.

8. Гавайда Гонолулуда өтүлүүчү сууда калкыган чырактар фестивалы.Сууда калкыган ар бир чырактын мааниси бул жакындары каза болгондорду эскерүү иретинде өткөрүлөт.Алар чыракты сууга бүт дүйнө бактылуу болсун деген үмүт менен түшүрүшөт.

9. Таиландада узак убакыттан бери келе жаткан үй-бүлөлүк Сонгкран майрамы белгиленет. Будда салты боюнча дин кызматкелерине тамак алып келишет. Бул күнү Таиланддын бардык жаштарын суу менен жуушат.

10.Ошондой эле Таиландда абдан кооз  асман чырактар фестивалы өтөт. Анын мааниси тазалануу (от) жогоруу көздөй умтулуу (чырактарды асманга учуруу). Көз жоосун алган бул кооздук көңүлдү сергитет.

Даярдаган Желденова Аяна

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}