Жашоонун мага үйрөткөндөрү

5 жаш: Ата-энемдин бири-бирине кыйкыруусу мени абдан кайгыртарын үйрөндүм.

7 жаш: Суусундук ичип жатканда күлсөм, мурдуман чыгып кетишин үйрөндүм.

12 жаш: Бир нерсенин кадырына жетүүнүн эң жакшы жолу ал нерседен бир нече убакытка ажыроо экенин үйрөндүм.

13 жаш: Ата-энемдин бири-бирине жылмаюусу, бири-биринин жүзүнөн сүйүүсү мени кубандырарын түшүндүм.

15 жаш: Кээде адамдарга караганда жаныбарлар жүрөгүмө жакын болорун үйрөндүм.

18 жаш: Алгачкы жаштык жылдарымдын кайгы, капа, сүйүүгө толо экенин үйрөндүм.

24 жаш: Сүйүүнүн жүрөгүмдү оорутарын жана ошого арзый турганын түшүндүм.

26 жаш: Бардык кыйынчылыктын, жамандыктын унутулуп, жакшы элестер жана жылуу мамилелер гана эсте каларын түшүндүм.

33 жаш: Бир досту жоготуп алуунун эң кыска жолу ага карызга акча берүү экенин үйрөндүм.

36 жаш: Башкалардын мен жөнүндө эмне деп ойлоосу эмес, менин өзүм жөнүндө эмне деп ойлоом маанилүү экенин үйрөндүм.

38 жаш: Жубайымдын мени баштагыдай сүйөрүн табакта калган эки алманын кичинесин алуусунан билүүнү үйрөндүм.

41 жаш: Адамдын өзүнө болгон ишеничи анын ийгилигине чоң таасир тийгизерин түшүндүм.

44 жаш: Апамдын мени ар көргөндө чексиз бакытка бөлөнөрүн түшүндүм.

46 жаш: Кичинекей кат жиберүү менен да башкалардын көңүлүн көтөрө аларымды түшүндүм.

49 жаш: Ар кандай иш кылууда ал ишти эң мыкты жасоого аракет кылсам, бул иш өзүнчө жаратмандыкка айланарын жана өзгөчө натыйжа берерин үйрөндүм.

53 жаш: Адамдардын мага мен уруксат бергенимдей мамиле кыларын түшүндүм.

64 жаш: Бактылуулуктун атыр сыяктуу экенин, өзүмө себинсем гана башкаларга бере аларымды түшүндүм.

70 жаш: Ак пейил болуунун мыкты болуудан дагы да жакшы экенин үйрөндүм.

82 жаш: Ооруга чыдабай баратсам да, башкаларга баш оору болбоом керектигин түшүндүм.

90 жаш: Ким менен турмуш курууну чечүүнүн жашоодогу эң негизги чечим экенин үйрөндүм.

95 жаш: Үйрөнүүм керек болгон дагы да көп нерсе бар экенин үйрөндүм.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}