Жашоонун мыйзамы

  1. Сен кандай гана болбосун дене-түзүлүшкө ээ болосуң.

Ал сага жагабы, жакпайбы барибир ал сага таандык. Баркын бил.

  1. Сен сабактарды өздөштүрөсүң.

Сен “Жашоо” деген аталыштагы мектептен сабак аласын. Бул мектепте күн сайын жаңы сабактарга туш келесиң – ал сабактар сага жагышы мүмкүн, жакпашы да мүмкүн, балким керексиз деп да ойлошуң мүмкүн. Бирок барыбир сен ал сабактарды аласың.

  1. Ката деген нерсе жок, анын баары тажрыйба деп аталат.

Өсүү дегениң, өнүгүү дегениң. Ар бир туура эмес ишиң туура ишиңе кадам.

  1. Сабактар эч качан түгөнбөйт.

Жашоодо сен сабак албай турган бөлүм жок. Сен жашап жатасың демек, сен өзүнө керектүү сабактарды аласың.

  1. “Башка жер”, “бул жерден” мыкты эмес.

Качан сенин “Башка шаарың же аймагың” “Бул жерге” айланганда сенде кайрадан бул жерден мыкты “Башка шаар” пайда болот. Андыктан, колдо бар мүмкунчүлүгүңдүн баркын бил.

  1. Башка адамдар сенин күзгүң.

Сен жактырган же жаман көргөн нерселер ал адамда болгону үчүн же болбогону үчүн эле сен адамдарды жаман көрүүң туура эмес.

7.Сенин суроолоруңа жооптор сенин өзүңдө.

Жашоонун баардык суроолоруна жооптор сенин өзүңдө. Болгону издеп, тыңдап жана ишенгенди билүү керек.

Которгон Айнек Муратбекова

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}