Жашоо жөнүндө 21 сөз

  1. Жашоонун кеңдиги узундугунан маанилүү. Ибн Сина.
  2. Жашоону сүйсөңүз убакытты бош өктөрбөңүз. Анткени, жашоо убакыттын дал өзү. Бенджамин Франклин.
  3. Жаштык – өмүрдүн бир учуру эмес. Жаштык – эрктүүлүктүн үлгүсү, кыял өзгөчөлүгү, чечкиндүүлүктүн коркоктукту, шайырдыктын кайгыны жеңүүсү. Эч ким белгилүү бир жашка келүү менен карыбайт. Адамдар максат, кыялын жоготкондо карыйт. Жылдар терини гана бырыштырат, ал эми максат, кыялды жоготуу рухту бырыштырат. Джон Льюис. 
  4. Пайдасыз өмүр сүрү – эрте келген өлүм. Гёте.
  5. Жашоону комедия деп ойлогондор акыркы тамашаны терең ойлошсун. Сенека.
  6. Жашоо – үйрөнгөндөрүбүздү унутканыбызда эсибизде калгандардын жыйындысы. Джон Гей.
  7. Жашоо бала сыяктуу. Уктоосун каалабасаңыз аны менен алектенүүңүз керек. Вольтер.
  8. Жашоо — өчүргүч колдонбой сүрөт тартуу санаты. Джон Гарднер.
  9. Жашоодо сиз каалап жаткан нерсени башкалар да каалашат. Ал нерсени каалоодо тең укуктуу экениңизди кабыл кыла тургандай өзүңүзгө ишениңиз. Дайан Сойер.
  10. Жашоого жаңыдан баштоо мүмкүн болсо, секунддарымды барктап өткөрмөкмүн. Достоевский.
  11. Жашооңузга нааразы болсоңуз, ойлоруңузду өзгөртүңүз. Марк Аврелий.
  12. Өзүбүз менен достошуубуз өтө маанилүү. Ансыз дүйнөдө эч ким менен достошо албайбыз. Элеонора Рузвельт
  13. Өзүбүзгө күлө алган алгачкы күн чоңоюп баштаганыбызды билдирет. Э. Берримор.
  14. Жашоодогу эң оор нерсе – тандоо. Джордж Мур.
  15. Жашоодогу бардык ийгиликтериме ар дайым жана ар бир ишти 15 мүнөт эрте баштаганым үчүн жетиштим. Оскар Уайльд.
  16. Жашоо — роман эмес, аңгеме сыяктуу. Ошондуктан, узундугуна эмес, маанилүүлүгүнө каралат. Монтень.
  17. Жашоодо адамдын башына келе турган эң жаман нерсе – өзүн жалгыз сезүүсүнө себеп боло турган адамдар менен бирге жашоосу. Гёте.
  18. Азыркы учурдан тартып өзүңүзгө жалгыз болгондо да, башкалар менен бирге болгондо да өзгөрбөй турган мүнөз жана эрежелерди белгилеп алыңыз. Эпиктет.
  19. Жакшы адам көз жумса ал үчүн эмес, аны жоготкон коом үчүн ыйлагыла. Фараби. 
  20. Жашоо – бул бир көз ирмем. Аны бир ирет жашап, кайра актай баракка көчүрүүгө мүмкүн эмес. А. П.Чехов.
  21. Кечээ акылдуу элем, дүйнөнү өзгөртүүнү кааладым. Бүгүн акылман болдум, өзүмдү өзгөрттүм. Мевлана. 

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}