Жеңиштин сыры

 

Ар жылы өткөрүлүп келген «Эң жакшы буудай» конкурсунун кезектеги жеңүүчүсү дагы эле мурунку жылдарда жеңүүчү болгон дыйкан эле. Конкурсту күзөткөн журналисттер дыйкандан ар жылы жеңүүчү болуп чыгуусунун сыры эмнеде экенин сурашат. Дыйкан:

— Менин сырым үрөөнүмдү коңшу дыйкандар менен бөлүшкөнүмдө жатат, — дейт. Анын мындай жообуна  таң калган  журналисттер:

— Колуңуздагы мыкты урукту атаандаштарыңыз менен бөлүшүп жатасызбы? Таң калыштуу, кантип эле атаандаштарыңыз менен эң жакшы үрөөнүңүздү бөлүшөсүз? — деп сурашат. Дыйкан жылмайып:

— Албетте бөлүшүп жатам. Анткени, силер түшүнбөгөн себептер бар. Шамал жетилип жаткан буудай уруктарын коңшу талааларга ташыйт да. Ошондуктан, коңшуларымдын жакшы эмес үрөөн себүүсү, менин үрөөнүмдүн да сапаттуулугун төмөндөтөт. Эгер эң сапаттуу буудай өстүрүүнү кааласам, анда коңшуларымдын да сапаттуу буудай өстүрүүсү үчүн жардам берүүм керек! – дейт.

 

Башкаларга бакыт издеген адам өзү бакытка дуушар болот.

                                                                                      Платон

Айланасындагыларга жакшылык кылбаган инсан жакшылык көрбөйт.

                                                                                          С. Афонский

Мээрим көрсөтпөгөнгө, мээрим көрсөтүлбөйт.

                                                                       Хадис

Көп адамга бакыт тартуулаган адам — бактылуу адам.

                                                                                Дени Дидро

Айга жетпес ашыңды, айылдаштан аяба.

                                                                      Макал

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}