Жигер (Аңгеме)

Курсандын аялынын пейли кызык. Качан болсо тиричилигине наалып, кейип-кепчип жүргөнү-жүргөн. Кечээ дагы кечки тамакты ичип олтурушканда, адатынча кошуналар жөнүндө кеп баштады. Пазилаттардын жаңы телевизор алышканын, Айнуранын күйөөсү Орусиядан отуз миң сом акча салганын, Жумакандар баласына он миң сомдук телефон алып бергенин, Гүлсара жаңы тройка кийгенин күйүгүү менен айта баштады. Баякы ыкмасына салып.

-Сен эле жүрөсүң сөмтүрөп. Бар тапканыңды ушул жаман Жигулиңе чаптап.
Ал адаттагыдай күйөөсүнүн кыжырына тие баштады. Чындыгында булардын жашоосу деле кудайга шүгүр келтире тургандай. Бир эмес эки саан малы, үч-төрт торпок танасы, отуз, кырктай кой эчкиси бар. Мындан тышкары Курсан күн алыс бир жыл мурда алган жаңы Жигулиси менен райборборго каттайт. Адам ташып. Тыйын-тыпырдан эзели зарыгышпайт. Айран, сүт,  каймак деген кеңири. Буга кошумча балдары менен тээ эрте жаздан кеч күзгө чейин үлүш жерлерине картошка, пияз, сабиз эгишип, тырмалаңдап дыйканчылык кылышат. Аялына бала-чакасына ашыкча күйүмдүү. Алардын алам дегенин алып берет, кийем дегенин кийгизет. Иши кылса Курсан тиричиликке тың. Кызыгы ушундай бактылуулукту билбей тиги аялынын оозунан качан караба «жок-жок, жетишпейбиз, жетпейт” деген наалыма кептер чыгат.

Бу сапар да ошондой болду. Кыжыры келген Курсан аялын ашата сөгүп, жаактан нары тартып, жиберейин дейт, балдарынын көзүнчө ызы-чуу салбоону эп көрүп, өзүн зорго басты
-Жобурай бербей,эртерээк жат! Саар менен Султандын баласыны көргөнү барабыз. Оору дешет. Бишкектен алып келгенине эки күн болуптур.

Курсан сүйлөнгөн бойдон сыртка чыгып кетти. Султан менен Курсан тырмактайынан бирге өсүшкөн. Мектепте, кийин армияда да бирге болушту. Кан достордон. Бирин-бири жарым сөздөн түшүнүшөт. Тек гана үй-жайлуу болушканда бир аз алыстап калышкан. Анын үстүнө Султан окуймун-чокуймун деп шаардык болуп калбадыбы. Илим менен шугулданам деген Султан кийин турмуш-шартка жараша Орусияга кеткен. Быйыл анын иши жакшы эмес.Анын үстүнө кенжетайы Эмилбек кайра-кайра ооруй бергендиктен, аялы чакырып туруп алды.
Чындыгында да абалы оор экен. Баягы беттери бултуйуп, көздөрү күлүп турган Эмилбек жок. Арыктап кетиптир. Көздөрү киртийип калган. Ыраңы башкача. Ошого Курсан Россиядан келээри менен эч нерсеге карабай жети жаштагы Эмилбегин желкесине көтөрүп Бишкекке кеткен болчу.

Аердин врачтары да балага оштук дарыгерлердин сөзүн айтышыптыр. Ичин ачып-көрүп, кайра жаап коюшуптур.Боору болбой калыптыр, ичи күн сайын шишип баратат. Заарасы да жакшы чыкпай жатат.

Бул сөздөрдү Курсан Султандын үкөсүнөн укту. Эртеси эрди-катын ээрчишкен бойдон Султандыкына барышты. Ал жайды сурашып, бир куйумдан чай ичишкен соң Султан менен Кулпунай меймандарды ичкерки үйгө алып киришти. Евроремонт болгон, кымбат баалуу килемдер төшөлгөн, маңдайына чооң телевизор коюлган, заңгыраган үйдүн төрүндө, чет элден алынып келинген диванда жүзү дубалдай агарган, чыбыктай колдору менен коондой болуп чоңойгон ичин тырмалап Эмилбек жатат. Аяш ата, аяш энесин тааныбады деле. Тек гана башын бир көтөрүп, кайра коюп, аянычтуу үн менен:

-Апа,-ап-па ичим кычышып жатат. Ап-па,апа ичим ооруп жатат.
Бала апасын жардамга чакырды.

Кулпунай үчүн баласынын мындай абалда көрүү канчалык оор болгонуна карабай мөлтүрөп куйулган көз жашын аарчып, сыр бербей баласынын жанына барды.

-Балам кел, тырмап берейин. Апасынын козусу, кола ичесиңби? Йогурт жейсинби? Банан кесип берейинби? Атаң бүгүн Россиядагы врачтар менен сүйлөштү. Алар эч теке эмес. Эмил жакшы болуп калат. Алып келе бергиле дешиптир. Эки-үч күндөн кийин ошол жакка барабыз. Телефон ойнойсуңбу?
Катуу оорудан улам көнүлү эч текеге чаппаган Эмил апасынын суроолоруна аран “жок” деп жооп берди.

-Апа,ап-а, ат-а. Ичим ооруп жат-аат.

Эмил кайрадан онтолоп кирди. Кулпунай аз күндөн кийин бул жарыктык менен коштошо турган баласын ич-ичинен аяп, боору ооруп турса да, не кылаар айласын таппай турса да, ага жашоого үмүт байлап, аны-муну айтып алаксытып турду.

-Айнанып кетейин, садага болойун. Апасынын палваны. Эркеси. Чыдамкайы. Азыр доктур эжең келет. Укол берет. Перевязка кылат. Анан оорутпай калат. Карачы, бүгүн айылдан аяш атаңдар келиптир. Сага мандарин, алма алып келишиптир, жейсинби?
-Жоок, апа ичим катуу ооруп жатат. Ата ичимди тырмап койгулачы. Ий-ичим. Апа-апоо.
Аяш уулунун мындай оор абалда жатканын тигилер андан ары карап тура алышпады. Тыштарында билдирбегендери менен ичтеринде Эмилбекти аяшып, муундары бошоп, жүрөктөрү эзилип турду. Тамактары буулуп, буулугуп, өңдөрү кумсарып, өздөрүн араң кармашты. Сыртка чыгаары менен билинбей аккан көз жаштарын арчышты.

— Бишкектен нары Россияга алып барайын десем, врачтар: “Өзүнүнүз билесиз. Бирок,баланы кыйнап коесуз”-дешти. Чындап эле Эмилим күн өткөн сайын оорлошуп жатат. Жараткандан ала турган болсоң эртерээк ал, баламды кыйнабай деп жалбарып гана турабыз. Колубуздан эч теке келбей жатат. Султан көз жашын аарычый досуна абалды зорго түшүндүрдү.
-Кыжаалат болбо,кудайым шыпаасын берсе жакшы болуп калат. Мээнет мейман. Курсан ушул сөзгө араң жарады
Жол катар эрди-катын ортосунда жым-жырттык өкүм сүрдү. Ар ким өз ойлору менен алпурушуп баратты. Ошол ойлордун арасында бири бала-чакасынын ден соолугу чың, жашоосу тынч өтүп жатканына шүгүрчүлүк келтирди. Экинчиси күйөөсүнү болор-болбос нерселерди айтып, башын оорутуп, жүрөгүн сыкканына өкүнүп баратты.

Нуркамил Абдуллаев.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}