Жол

Жаш бала эми тамтаңдап тай-тай баскан кезде, ага ата-энеси тушоо кесүү тоюн берет. Ата-эне жакшы ниет кылып: “Ылайым балам жыгылып мүдүрүлбөй өмүр жолунда түз кетсин”, — дейт. Тушоо кесүү аземине катышкандар ата-эненин аруу тилегине кошулуп бата тилейт. Бул буту чыккан жаш баланын элдин алдында алган эң алгачкы батасы. “Жолуң шыдыр болсун!”, — дегне бата эс тарткандан бери бизди коштоп келатат. Жакшылыгыбыз, жамандыгыбыз, өмүрүбүз, өлүмүбүз, тагдырыбыз өмүрун өткөрүп ийет турбайбы? Эми гана аны жол менен байланышкан. Жолдон улуу нерсе жок. Биз Алла Тааланын чексиз жолунда баратабыз. Бүткүл аалам жаралгандан бери тынымсыз кыймылда. Биз дагы, адамдар, олтурсак да, жатсак да кыймылдын кучагындабыз. Кыймыл токтогондо жашоо да токтойт. Бул улуу жолдо бирөөгө күн эрте батса, бирөөгө кеч батат…

***

Атам: “Жолдун көзүн карап бас!”- деп айтчу. “Жолдун көзү кай жакта экен?”- деп таң калчумун. Жолдун көзүн көрбөй жүрүп бул өмүрдө көп мүдүрүлдүм, көп жолу чатышып жыгылдым, башы-көзүмдү канаттым. Эч кандай жышааны жок кырсыктарга дуушар болдум. Кээде: “Жолуңду билип жүрбөйсүңбү?”- деген жеме уктум. Кээде: “Эй, жолуңдан адашыпсың!”- деп шылдың болдум. Деги жолдун көзүн карап басуу- бул Кудайды таануу, чындыкты билүү, дилди, ниетти туура кылуу деген  түшүнүк экен.

***

“Кудайдын жолунда жүргөн адам эч нерседен кем болбойт”,- деген сөздү өмүрүмдө көп уктум. Бирок, маанисин анча түшүнө бербейт элем. Көрсө, Кудай Таалага баруучу жолдун боюнда түмөн-түркүн азгырыктар көп болот турбайбы? Адам баласы шайтанга алданып, ошол азгырыктарды жеңалбай жүрүп өмүрүн өткөрүп ийет турбайбы? Эми гана аны сезгениңде, актыктын жолуна кирейин дегениңде белиң бекчейип, көзүң чекчейип, күч-кубатың жок олтуруп калат турбайсыңбы? Бул дүйнө бир кем дүйнө экендигин туйганыңда, Кудай Тааланын жолу эсиңе келет экен. Бул жан дүйнөңдү ыпластыктан сактап калчу жол экен. Ошондуктан бул жолдогу адамдын мартабасы улук болот экен. Бүгүнкү күндө Кудайдын жолу эмне экендигин сезип туйбагандар эбак ал жолду танып кетишкен. Замандын туусу биз болобуз, акыркы акыйкат биздин чөнтөктө деп корустон болушуп басып жүрүшөт. Ылайым, кудайым ошолорго да ынсап берсе экен.

***

“Жолум жабылып калды, жолум болбой жатат, жолум байланыптыр”,- деген сөздү көп угабыз. Туура, пенде болгондон кийин мындай кесепеттен кур калбайт. Жолду ачып алыш үчүн эмне кылуу керек? Эң негизгиси ыйманың таза болсун, ой-пикириң таза болсун, анан көкүрөк дилиң таза болсун, тээ түпкү башатың таза болсун… Анан ар дайым ниетиңди түз кыл! Биз, пенделер, өзүбүздүн жолубузду өзүбү тосуп алабыз. Жок жерден кесир сүйлөйбүз, ар кандай ушак-айың сөзгө аралашабыз, жок жерден кимдир бирөөлөрдү жек көрөбүз. Кудай Тааланын кыл дегенин кылбай, кылба деп тыюу салган нерселерин кылабыз. Ошентип бүтүндөй рухубузду булгагандан кийин, айла жок, Жараткан жолубузду тосуп салат. Өзүбүзгө өзүбүз бөгөт коебуз. Андан кантип кутулуу керек? Кандай кылсак жолубуз кайрадан тазаланат? Бул үчүн адегенде Алла Тааладан жалбарып кечирим суроо керек. Кылган күнөөлөрдү моюнга алып тооба келтирүү керек. Кен пейил болууга аракет кыл. Эч кимден жакшылыгыңды аяба. Бей-бечараларга кайыр-садага бер. Намаз оку. Аккан суудай шар бол. “Колу ачыктын- жолу ачык”,- деген кыргыздын улуу сөзүн турмушуңда колдон.

 

Эгемберди Эрматов

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}