Жүрөгүмдүн жообу

Өзүнүн даанышмандыгы, илимдүүлүгү менен белгилүү жана билгенин окуучуларына үйрөткөн бир акылман жашаптыр. Ал олуя окуучуларына турмуштук сабактарды, акылмандуулукту үйрөтүү менен бирге соодагерлигин да жүргүзчү. Кол астында иштеген жумушчулары аркылуу дүйнөнүн ал учунан бул учуна соода иштерин улантчу. Күндөрдүн биринде окуучуларына сабак өтүп жаткан кезде бир жумушчусу келип, жаман кабар бар: «Сиздин кемелериңиз катуу толкунда, сууга чөгүптүр, эч бир товарыңыз калбай сууга чөгүптүр, жумушчуларыңыз гана араң жанын сактап калышыптар»,- дейт. Бул кабарды уккан даанышман бир саамга унчукпай калат да, мыйыгынан жылмайып, эч нерсе болбогондой сабагын уланта берет. Арадан бир апта өткөндө окуучуларына сабак өтүп жаткан кезде баягы жумушчу дагы келип, «Сүйүнчү! Ал чөккөн кеме сиздики эмес экен, сиздин кемелериңиз  сак саламатта кайтып келди!»- дейт. Бул ирет дагы акылман бир саамга унчукпай калат да, жаман кабарды уккандагыдай эле мыйыгынан жылмайып, эч нерсе болбогондой сабагын уланта берет. Окуучулар мындай бири-бирине карама-каршы болгон кабарды укканда, экөөсүнө тең бирдей жылмайганынын себебин сурашат. Данышман «Кеменин чөгүп, бардык нерседен кол жууп калганым тууралуу кабарды укканымда убактылуу келип кетүүчү, бул дүйнөдө калуучу мүлктөн ажыроодон улам чындап кайгырып жатамбы, деп жүрөгүмө кулак салдым. Жүрөгүмдө эч кандай кайгынын жоктугун сезип кубандым! Жылмайып, шүгүр келтирдим! Ал эми кемеңиз чөкпөгөн экен, кайра келишти деген кабарды укканымда, беш күндүк дүйнөдө келип кетчү мүлккө ээ болгонума жүрөгүмдүн түпкүрүнөн кубанычым барбы же жокпу деп жүрөгүмдү тыңшадым. Бул ирет да убактылуу гана мени менен болчу байлык үчүн жүрөгүмдө чыныгы кубанычтын жок экенин байкап, кубандым. Ушул сезимге ыраазы болуп жылмайдым!»- деп жооп берет.

Которгон: Өкөнбаева Турдугүл

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}