Изденүүдөн ийгилик жаралат

Сиз мени  тааныбашыңыз мүмкүн, бирок  сиз менин ийгилике кантип жеткенимди билгенде таң каларыңыз анык. Мен Мароккодогу абдан  жакыр үй бүлөдө жарык дүйнөгө келгенмин. Балалыгым  алыста жайгашкан кудуктан суу ташып келүү жана  кой кайтаруу менен өттү.  Көп өтпөй үй бүлөм менен жашаган жерибизди таштап, Францияга кетүүгө аргасыз болдук. Ал жерде дискриминацияга көп кабылдым,  классташтарым  кийип келген кийимимди  дайыма шылдыңдашчу. Алар менин чоочун экенимди айтып, мага асылар эле. Ошол убакытта, мен дискриминацияга каршы күрөшүүнү чечтим. Ал үчүн көп окудум, университетти аяктагандан кийин саясатка аралаша баштадым. Башкалар  уктап жатканда, өзүмдү өнүктүрүү үчүн катуу иштедим. Башка адамдар мен көргөн азаптарды көрбөсүн , башымдан өткөндөрдү сезбесин деп,  баардык адамдардын укугу бирдей болушу үчүн күрөшүп жаттым. Кызматым жогорулаган сайын кедей үй бүлөнүн  жана ислам дининин өкүлү болгондугум үчүн, саясатчылар тарабынан  расисттик  сын-пикирлер менин дарегиме таштай  жаай баштады. Жадакалса, мен иммигрант болгонум үчүн “Мамлекет үчүн коркунучтуу”  деген лакап атка кондум. Кыйынчылыктарга карабастан, өзүмдү колго алып күрөшүүнү уланта бердим жана аягында өзүм эңсеген максатыма жеттим . Бүгүнкү күндө мен Францияда эң жогорку кызмат акы төлөнгөн саясатчы жана  Франциянын Билим берүү жана илим министри кызматын аркалаймын.

“Дүйнөнү өзгөртө аларына ишенген жиндилер гана өз максатына жете алат»

Залкар Аманов

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}