Ийгиликтин эрежелери

  • Аракеттин да натыйжасы, жалкоолуктун да натыйжасы бар. Эч нерсе кылбай жатып алсам эле, баары мени айланып өтүп кетет дебе.
  • Мүмкүнчүлүктөр, акыл менен жүрөктүн чечими дал келгенде пайда болот.
  • Жашообузда өзгөрүүлөр жана жаңы нерселердин пайда болушу үчүн, аларга орун даяр болушу керек. Жалган ишеним, коркунуч жана жаман адаттардан арылып, жаңы сезимдерге жол ачалы.
  • Жашообуздун багытын табуу үчүн жана өзгөрүү үчүн эң алгач токтоп, жан дүйнөбүз кайсыл жерде тургандыгын билүүбүз зарыл. Керек болсо Google деле сиздин барчу жериңизди табуу үчүн алгач, азыркы турган жериңизди сурайт.
  • Ойлор-материалдуу. Эмнени ойлосоңуз, эмнени көп кыялдансаңыз ал реалдуу жашооңузга таасир этет, чындыкка айланат. Ойлор адатка, адаттар мүнөзгө, мүнөз тагдырга айланат.
  • Жашообузда болуп жаткан нерселердин баардыгы, биздин ойлорубуздун, кылык-жооругубуздун жыйынтыгы. Эгер жашообузда туура эмес бир бурулуш болсо, анын себебин сырттан эмес, дал өзүбүздүн ичибизден издөө керек.
  • Эмнени үйрөнүп, эмненин үстүнөн иштеш керектигин аныктоо үчүн айланага көз жүгүртүү жетиштүү.
  • Эгер өз жашообуздун маршрутун өзүңүз аныктабасаңыз, жашоо маршруту сизди каалаган жерине алып барып коет.
  • Биз ар дайым чечимди өзүбүз чыгарабыз. Керек болсо тандоо кылбоо дагы биздин чечимибиз.
  • Толук бактылуулук үчүн бизге ар дайым бир нерсе жетишпейт. Аз нерсеге канаат кылуу оор, бирок көп нерсеге канаат кылуу андан да оор. Бүтүн дүйнөнүн ээси болушуң мүмкүн, бирок, анда жан дүйнөңдү жоготуп коёсуң.
  • Эгер ойлоруңду башкара албасаң, алар сени башкарат.

Даярдаган Муратбекова Айнек

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}