Ийгиликтүү болгондон көрө, маанилүү адам болууга умтулгула

Эйнштейнден эки ооз сөз:

  1. Баардык тармакка кызыкдар болгула. “Менин өзгөчө деле талантым жок. Мен болгону өтө кызыгуусу күч адаммын”.
  2. Туруктуулук бул баа жеткис сапат. “Менин жетишкендиктеримдин баардыгы менин акылдуу болгонум үчүн эмес. Бул нерсенин баардыгы менин тайманбастыгымдан, туруктуулугумдан жана ишти аягына чыгаруудагы багынбастыгымдан улам”.
  3. Элестетүү бул – кудуреттүүлүк. “Элестетүү бул-баардыгы. Ал абалдын кандай таризде улануусун алдын ала көрсөтүү касиетине ээ. Элестетүү бул билимден да маанилүү”.
  4. Ката кылуудан коркпогула. “Ката кылбаган адам, жаңы бир нерсе кылууга аракет да кылбаган адам”.
  5. Баардык нерсеге маани бергиле. “Ийгиликтүү болгондон көрө, маанилүү адам болууга умтулгула”.
  6. Илим, тажрыйбанын натыйжасында келет. “Маалыматтын өзү – билим эмес. Маалыматтын чыныгы булагы — тажрыйба”.
  7. Эрежелерди түшүн жана жеңишке жет. “Силер оюндун эрежелерин билип, аны туура түшүнүүңөр керек. Ошондо гана, мурда эч ким ойнобогондой оюнчу болосуңар.”

Даярдаган Муратбекова Айнек

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}