Ислам тарыхында белгилүү аялдар

Илим алуу – ар бир эркек жана аял мусулманга парз. (Ибн Маже, Мукаддиме, 17).

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Коштошуу Хутбасында Эй, Инсандар! Аялдардын укуктарын урматтоону жана ушул маселеде Аллах Тааладан коркууңарды сунуштайм. Силер аялдарды Аллах Тааланын аманаты катары алдыңар. Силердин аялдардагы укуктарыңар, алардын силерде укуктары бар.” – деген.

Адамзат тарыхында коомдук жашоодо активдүү рол ойногон, илимдүүлүгү, кайрымдуулугу, чечкиндүүлүгү менен белгилүү болгон көптөгөн аялдар жашап өткөн. Муну менен бирге бардык эле илимпоз же мыкты лидерлердин ошол деңгээлге жетүүсүндө аларды тарбиялаган апалары, колдогон жубайлары, таянган кыздары болгону да чындык. Мисалы, Омар Рыза Каххаланын беш томдук «Аламун-Ниса Фи Аламейил Араб Вал-Ислам» аттуу эмгегинде үч миңге жакын аялдын Ислам маданиятынын түптөлүүсүндө салым кошушкандыгы айтылат.  Оксфорд Ислам изилдөөлөр борборунун изилдөөчүсү Др. Мухаммад Акрам Надви «Ислам тарыхында аалым аялдар» (хадис илими) аттуу изилдөөсү сегиз жүз миң аялды камтып 40 томго жетип уланууда…

Ислам тарыхында илимге болгон кызыгуусу, асыл мүнөзү, чечкиндүүлүгү менен из калтырган аялдар жөнүндө кыскача маалымат:

  • Момундардын энеси Аз. Хатича (р.а.) байлыкка, мансапка ээ болгон. Тартиби, тазалыгы, абийирдүүлүгү менен «Тахира» (Таза аял) деген атка конгон. Бай жана мансаптуу адамдардын үйлөнүү сунушун четке кагып, адамдык асыл сапатка ээ мырзаны издеген.
  • Умму Варака бинт Абдуллах ал-Ансари (р.а.) Куранды толук жаттаган жалгыз сахаба аял.
  • Умму Дарда (р.а.) белгилүү хадисчи болгон. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дан көптөгөн хадистерди угуп, риваят кылган.
  • Фатыма б. Аббас белгилүү Ибн Таймияны билими, зээндүүлүгү менен таң калтырган аял. Багдатта төрөлгөн. Бир нече аялдарга Куран жаттаткан.
  • Руфайда бинт Саъд Ислам тарыхындагы алгачкы медайым жаралууларды дарылоо үчүн бир нече согуштарга катышкан. Жахилия доорунда кыздардын өлүмүнө тоскоол болууга аракет кылган. Атасы өмүрүн оорулууларды дарылоого арнап, кызына да бул кесипти үйрөткөн. Атасы Саъд кызына бүт билимимди, тахрыйбамды сага үйрөттүм деп адамдарга шыпаа тартуулоосун осуят кылган.
  • Исламдын алгачкы доорлорунда аялдар коомдук жашоо менен активдүү мамиледе болгон. Хадис, фыкых, адабият багыттарында тереңдешкен. Мисалы, Пайгамбарыбыздын урпагынан болгон Фатыма бинт Саъд ал-Хайр 13-кылымдын хадисчисин айтууга болот. Анын айырмаланган тарабы Испаниянын Валенсия шаарынан тартып Кытайга чейин (Кахира, Шам, Багдат, Исфахан, Рай, Нишабур, Тус, Бухара, Самарканд, Кашкар) илим изилдөөсү болуп саналат.
  • Фатима аль-Фихри куруп калтырган «Аль-Карауийин» университети “Гиннес” китебине эң байыркы жана үзгүлтүксүз билим берген жогорку окуу жай деп кирген. Бул окуу жай азыркы заманбап университеттердин алгачкы үлгүсү болуп саналат. Бул эмгегинен улам «Уммулбунуун» лакаб алган. Университет 19 жылда курулуп бүткөн.
  • Фатыма ал-Факиха (539/1144) «Тухфатул –Фукаха» аттуу фыкых/ислам укугу китебинин автору Алааддин б. Ахмат ас-Самаркандинин кызы. Атасы «Тухфатул –Фукаха» китебин шарх кылган  Алааддин Касани аттуу  шакиртине узаткан. Бул аалым тууралуу «Тухфасын шарх кылды, кызына үйлөндү» деп айтышкан.  Жолдошу фатва чыгыра албаган маселелерде Фатыма ал-Факиха  менен кеңешип чечим чыгарган. Алар чыгарган фатвага атасынын, кызынын жана күйөөсүнүн кол тамгасы коюлган.
  • Мухлисa Габдулгаллямовнa Нигматуллинa казы аял катары тарыхта аты калган. 1917-жылы 11-майда Бүткүл Россиялык мусулмандар конгрессинде 900 делегат тарабынан Мусулмандардын Борбордук диний башкармасынын казысы болуп дайындалгандыгы маалымдалат.

 

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

 

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}