Кайгымдын себеби

Чөлдө жашаган бир уруунун бай жана күчтүү башкаруучусунун көргөн көздүн жоосун алган, алдына эч бир атты салбаган күлүгү болгон экен. Күндөрдүн биринде күлүк атын минип алып, жалгыз өзү чөлгө чаап жөнөйт. Эч ким жок ээн чөлдө чаап баратып, алыстан бир нерсенин кыймылдаган караанына көзү түшөт. Жакындап барып, бир адамдын оор абалда жатканын көрөт. Өлүм алдында же каттуу оорулуу, жардамга муктаж өңдүү. Атынан секире түшүп, жерде жаткан адамдын дем алып жатканын текшерип тирүү экенине кубанат. Суусаган го байкуш деп атындагы суу идишин алууга кайрылган кезде жердеги оорулуу кишинин андан мурун тура калып атын минип чаап жөнөгөнүн көрүп, өзүн жогото жаздап, кайгыдан көзүнө жаш тегеренет. Бирок, ордунан бир да кадам жылбайт жана аттын артынан да куубайт. Жалгандан эле жардам сураган кишинин ролун аткарып жаткан киши, уруу башчысы жете албай турганчалык алыска атты чаап барып алат да:

— Ээ, эмне болду? Атыңды алдырып койгонуңа ыйлап жатасыңбы? Бул атыңды өзүңдөн, өз балдарыңдан да кызганып, жакшы көрчүсүң, карачы эми акылдуулугум, кыйындыгым менен эч кимге карматпаган атыңды оңой эле алып алдым! Эми бул ат меники, канча ыйласаң ыйлай бер, көз жаш төгүүгө арзыйт! — деп каткырып кыйкырат. Уруу башчысы:

— Жоок! Ээй ууру! Атымды жакшы көрчүмүн, алдырып койгонум оор батты. Бирок, мен ал үчүн ыйлаган жокмун. Кайгымдын себеби ал эмес. — деген жооп айтат. Анын жообуна таң калган ууру:

— Анда эмнеге ыйлап жатасың? — деп кыйкырат. Аттын ээси кайгылуу үн менен:

— Эртең бул кабар туш тарапка жайылат. Сенин амалкөйлүк менен атымды тартып алганың ооздон-оозго айтылганда, чөлдө өлүм алдында калган, чындап жардамга муктаждарга бир тамчы суу берүүдөн адамдар коркушат. Сен уурунун куулугуң себептүү, мындан кийин чөлдө калган жолоочу же дагы башка чыныгы жардамга муктаж адамдар эч кимден жардам көрбөй бул чөлдө суусуз өлүүсү мүмкүн. Мен ошол үчүн кайгырып, ыйлап жатам. — дейт.

Котормо

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}