Кечиримдүүлүк жөнүндө

Кечиримдүүлүк, кечирүү бул сөздөр ар бир адамдын жашоосунда күн сайын коштоп жүрөт. Адамдардын мамилелеринде кечиримдүүлүктүн орду чоң. Кээде билип же билбей ката кетирип алабыз же жакындарыбыз адашып туура эмес иш кылып алышат. Кечиримдүүлүк себептүү канча адам түздөнүүсү, катасы үчүн өкүнүп жакындарын барктап өтүүсү мүмкүн. Кечирбей коюунун артынан канчалаган көңүлдөр көп жыл ооруп, анчалык маанилүү болбогон нерсе үчүн көп жылдар көңүлсүз өтүүсү мүмкүн. Кечиримдүүлүк адамдардын ортосундагы мамилелерди бекемдейт, ар бир адам кечире билүүсү жана кечирилген адам да берилген мүмкүнчүлүктү барктап өтүүсү кажет.  Эгер кечирүүңүз керек болуп, бирок, кечире албай жатсаңыз кечиримдүүлүк жөнүндө кеңештерге көңүл буруңуз:

  • Болор иш болду.

Өткөндү көп ойлой бербеңиз. Болгон иш болду жана артта калды. Канча аракет кылсаңыз да болуп өткөн ишти өзгөртө албайсыз. Жаман иш болгондо жашооңузду улантуу жана колуңузда калгандарды сактап калуунун бир гана жолу кечирүү болуп саналат. Күнөөлөр оңдолбойт, кечирилүүсү гана  мүмкүн. «Кечирүү адамзат тилиндеги эң ширин сөз». Виктор Гюго

  • Кечириңиз жана кечирилиңиз.

Бир гана биз башкаларды кечирүүбүз керек деген туура эмес түшүнүккө кабылбашыбыз керек. Биз кемчиликсиз эмеспиз, эрте же кеч биз да бирөөнү таарынтып алуубуз, туура эмес иш кылуубуз мүмкүн. Башкаларды кечире албасак, өзүбүздү да кечирүүсүн күтө албайбыз. «Өзүбүз да кечирилүүгө муктаж болуп калуубуз мүмкүн болгондуктан, ар дайым кечиримдүү болуубуз керек. Кечиргенибизден көп эсе кечирилүүбүз керек.» Джон Пол.

  • Алдыда эмне болушун билбейсиз.

Кечирилүүгө муктаж болгондугубуз үчүн эле кечирүүбүз керек эмес. Адамдар менен мамилелерибизди жеңилдетүү үчүн да кечирүү керек. Анткени, турмуш жолунда кечирүүбүз керек болгон инсандар менен качан жолугаарыбызды же аларга качан муктаж болоорубузду билбейбиз. А балким алар ар дайым жаныңызда болушу мүмкүн. Жашоону негизсиз эле оорлотпой, кечиримдүүлүктү тандоо мамилелерди жеңилдетүү үчүн туура чечим болуп саналат.

  • Сүйүү жана кечирүү жанаша жүрөт.

Чыныгы сүйүү кечирүүнү туусундай алып жүрөт. Кандай болгонуна карабай адамдар менен мамиле кылуу оор. Мамиле канчалык жакын болсо, ал адамды кечирүү ошончолук жеңил болот. Кечирүү болбосо, ал мамиле соңуна чыгат. Жакшы көрсөңүз, сүйсөңүз сөзсүз кечирүүңүз керек. «Кечире албаган киши сүйө да албайт.»  Мартин Лютер.

  • Кечирүү – адамдын өзүнө болгон сүйүүсү.

Кечирүү – бул адамдын өзүнө болгон сүйүүсү. Ачуулануу жана өч алуу кайгысын өкүнүч менен көтөрүп жүрүү сизге оор келет. Кечиргениңизде мындай оор жүктөн кутуласыз. Бизге туура эмес мамиле кылгандарды кечирүүбүз керек. Бул нерсеге алар татыктуу болгондуктан эмес, мындай адилетсиздикке жол бербей турганчалык өзүбүздү сүйгөнүбүз үчүн. «Алсыздар кечире албайт. Кечирүү күчтүүлүктүн белгиси.» Махатма Ганди.

  • Унутпай кечирүү кечиримдүүлүк эмес көз жумуу болуп саналат.

Көпчүлүк адамдар «Кечирем, бирок унутпайм.» дейт. А бул кечирүү эмес, бирге жашоону камсыздоо үчүн каталарга көз жумуу. Ал эми кечирүүнүн негизи сизге жасалган катачылыкты унутуу. Унутпасаңыз, эрте же кеч кайсы бир учурда ишенимсиздиктин азабына дуушар болосуз. Кайрадан жакындарыңыз менен болгон мамилеңиздин бузулуусун каалабасаңыз, жашооңузга өзгөртүү киргизиңиз.  «Таарынуу үчүн себептерди издөөнүн ордуна сүйүү жана сүйүлүүгө себеп издеңиз». Мевлана.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}