Кечиримдүүлүк

Пенде болгонубуздан кийин билип,  билбей ар кандай каталарды кетирип коюшубуз мүмкүн. Ката кетирбеген,  күнөөсү жок бир ганаЖараткан.  ОШОНДУКТАН: “Менин айтканым туура,  меники гана; акыйкат чындык,  —  деген сөздөн алыс болуп, бир бирибиздин анча-мынча кетирген каталарыбызга көз жумуп койсок мындан аброюбуз төмөндөп,  мартабабыз жерге тепселип калбайт.  Ар дайым кечиримдүү боло берүү оңой эмес.  Адам баласы башынан көп нерселерди өткөрүп,  турмуштун кайнаган чордонунда жүрүп жетилип,  бышкандан кийин гана кечиримдүүлүктү үйрөнөт.  Ар кандай нерсени баамдап билет.  Терен аң-сезимге,  айкөлдүккө ээ болот.  Кечиримдүү адам майда-чүйдөн, ушак –айыңдан,  менменсинүүдөн, корстон болуудан өйдө турат.

Дээринен адамгерчиликтин улуу озуйпасын накта туйгандар, тээ алысты ойлгондор даргөйү кең азаматтар бири-бирине кечиримдүү болушат.  Алар беш күндүк бу дүйнөдө  эч кимге кек сакташпайт.  Бирөөлөрдүн жасаган жамандыктарын таза жүрөгү менен жууп, агартып ийет. Мындай касиетке ээ болуу пенденин колунан келе берчү оңой оокат эмес.

*****

Кечиримдүүлүк жашабаган жерде –жашоонун гармониясы бузулат.  Сыртынан көрүнбөгөн ич ара тирешүү пайда болот. Андай жерден ынтымак, ырыс кетет. Кечиримдүү болуу –жашоонун эң негизги мыйзамдарынан. Бирөөнү кечиргенде ооз жүзүндө эмес  чын ыкластан,  ак дилден кечирүү керек. Кечирмдүү болуу деген сөз башка бирөөнүн көз карашын сыйлап, урматтап,  аны түшүнө билүүгө аракет кылуу деген эле сөз. Эгер биздин жашообуз жакшы болсун десек өзүбүздүн баам –парасатыбызды жоготпой, адегенде ар кандай каталарга жол койбой,  кокус ката кетирип алсак  ага түшүнүү менен мамиле жасап, кечиримдүү болуп жүрөлү.  Кечирмдүү болуу ыймандын нуру, адамкерчиликтин улуу оузуйпасы, руханий жан дүйнөнүн  тазаланышына чоң өбөлгө.

 

Эгемберди Эрматов

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}