Китеп жөнүндө 21 сөз

  1. Жакшы китеп – адамга жан берген кан сыяктуу. Джон Мильтон.
  2. Дүйнөнү калем, сыя жана кагаз башкарат. Джонатан Свифт.
  3. Китеп күйгүзүүдөн да ашкан кылмыш бар. Мисалы, китеп окубоо. Рей Бредбери.
  4. Өлгөндөн кийин унутулгуңуз келбесе же окула турган китеп жазыңыз, же китеп болуп жазыла турган өмүр сүрүңүз. Бенджамин Франклин.
  5. Эсиңизде болсун, ким болушуңузду окуган китептериңиз белгилейт. Джим Рон.
  6. Көп китеп окуган адам миң өмүрдү жашайт. Эч китеп окубаган адам бир өмүрдү гана жашайт. Д.Мартин.
  7. Китептер муздак бирок, ишенимдүү достор. Виктор Гюго.
  8. Эң жакшы китептерди окуу – өткөн кылымдардагы мыктылар менен сүйлөшүү сыяктуу. Декарт.
  9. Жакшы китеп окубаган адамдын окуганы менен окубаганынын айырмасы жок. Марк Твен.
  10. Китептер акылдын балдары. Джонатан Свифт.
  11. Ар бир китеп окуган адам лидер эмес, бирок, ар бир лидер китеп окуусу керек. Гарри Трумен.
  12. Окуу маалыматка ээ кылат, маалыматты сиңирип калуу үчүн ойлонуу керек. Джон Локк.
  13. Эң пайдалуу китеп – бул эң көп ойлонткон китеп. Теодор Паркер.
  14. Китепсиз өскөн бала – суусуз өскөн дарак сыяктуу. Кытай эл макалы.
  15. Бир китепке байланган адамдан корк. Латын эл макалы.
  16. Китепкана куруу — ибадаткана кургандай ыйык иш. Виктор Гюго.
  17. Китептер өзүңүздү жана башкаларды сыйлоого үйрөтөт, жүрөгүңүздү жана акылыңызды дүйнөгө жана адамдарга болгон сүйүүгө толтурат. Максим Горький.
  18. Китеп — рухтун дарысы. Япон эл макалы.
  19. Окууну билсеңиз, ар бир адам китеп экенин түшүнөсүз. Конфуций.
  20. Китепти көп окуган сайын, башкаларды аз туурайсың.  Жюль Ренар.
  21. Баарын окуунун кереги жок, жан дүйнөңдөгү сууролорго жооп табуу үчүн окуу керек. Лев Толстой.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}