Китеп окуп, жашооңду жаңыла

Убакытты китеп окуу менен өткөрүү пайдалуу экендигин баарыбыз эле угуп келебиз. Бирок күнүнө 20-30 мүнөттү китепке арнап коюуга мойнубуз жар бербей келет. Азыр китеп окуу кандай пайдаларды алып келери тууралуу так билип алууңуз күндөрүңүздү китеп окуу менен кооздоого жол ачат деп ишенебиз.

  1. Китеп окуу стрессти азайтат. Сейилдөө стресстен арылтат. Башыңызды чыңалткан бул оорчулукту жоюу китеп окуу менен андан да жеңил болорун Улуу Британиядагы Сасекс университетинин окумуштуулары аныкташкан. Андай абалда китеп окуу сейилдөөгө караганда стресс абалынан 2-3 эсе тез арылтат. Демек, китеп окуу – стресстен чыгуунун эң натйжалуу жолу.
  2. Акылыңызга акыл кошот. Китеп окуу маалында биз башкы каармандын кубаныч-кайгысын өзүбүздө жашатып, ага айланып кеткендей абалда болобуз. Көркөм чыгармаларды окуу аркылуу адам жашоону, айланасындагыларды туура түшүнүүгө үйрөнөт.
  3. Уйкусуздуктан арылтат. Китеп окуу – эс алуунун жана уйкуга жакшы камынуунун эң жакшы багыттоочусу. Уйку алдында телефон карап жатууда жана телевизор көрүүдө алардан чыккан ачык түстөр уйкуну качырып, мээге жакшы уктоо программасын түзүүгө жолтлл болот. Ал эми уйку алдында пайдалуу китеп окуу мээни тынчтандырып, жакшы ойлорду топтоп алуу менен уйкуга кетүүгө шарт түзөт.
  4. Мээнин иштөөсүн жакшыртат. АКШдагы Эмори университетинин окумуштуулары китеп окугандан кийин адамдын интеллекти канча бир деңгээлде жогоруларын далилдешкен. Ал изилдөөчүлөр окуу менен мээнин нерв байланышиарынын саны физиологиялык деңгээлде көбөйөрүн аныкташкан.
  5. Депрессияны айыктырат. Китеп окуу депрессияны айыктыруу үчүн жакшы ыкма экендиги окумуштуулар тарабынан аныкталган. Оор абалдан кутулууда бир жыл бою китеп окуу менен алек болгон оорулуулардын абалы китеп окубай дарыланган оорулууларга салыштырмалуу кыйла жакшыргандыгын практика көргөзгөн.
  6. Кызыктуу адамга айланасыз. Жогорку интеллектуалдык деңгээл сизди айланаңызга кызыктуу кылып көрсөтөт. Ушундан улам айланаңыздагылар талкууларда, таанышууларда баарлашууларда сизге ишеним артып, сизге карат жакшы ойдо калышат.
  7. Жашоого максат коюуга көмөктөшөт. Адам китепти канчалык көп окуса, жакшы каармандарга окшошууга ошончолук аракет кылып, жашоосун китептегидей кызыктуу кылып жашоого умтулат. Ошондой эле көп окуган адам максаттарды так коё билүү менен бирге кыйынчылыктардан оңой кутула алат жана сүйүүгө бай келет.
  8. Жигердүү жашоо образына ээ болот. Коомдук жана маданий иш-чаралардын жигердүү катышуучулары жашоосунда абдан китепкөй адамдар экендиги аныкталган.
  9. Эс-тутумду жана ой жүгүртүүнү жакшыртат. Адам китеп окуган сайын жаңы маалыматтарды алуу жана эске тутууга аракет кылуу менен мээсин машыктырган болот. Бул китепти үндү сыртка чыгарып окуу менен ого бетер бекемделет. Андан улам угуп гана коюучуларга салыштырмалуу окуган жана көп жазган адамдардын эс тутуму жакшы, ой жүгүртүүсү тез болот. Андыктан көп окугандан эч качан качпаңыз.
  10. Сөз байлыгыңызды кеңейтет. Китеп окуу маалында окурман көптөгөн жаңы сөздөрдү кезиктирет. Натыйжада, аны сөздүктөрдөн карап сөз корун байытат. Эч болбоду дегенде анча түшүнө бербей жүргөн сөзүнүн маанисин тереңден билип алат. Билип алган сөздөр менен адам сөз байлыгын гана кеңейтпестен, билимин да бекемдеген болот.
  11. Жазуу шыгыңызды арттырат. Китеп окуунун сыйкырынан адам кантип автордун жазуу стилин өзүнө өздөштүрүп алганын байкабай калат. Маселен, бирөөгө кат жазууда жакшы көргөн авторуңуздун чыгармасындагы өзгөчөлүктөрдү өзүңүздүкү сыяктуу эркин колдонуп калган болосуз.
  12. Китепкөйлөрдүн күч кубаты туруктуу болот. Китеп окубаган жана аз окуганга карагандарга салыштырмалуу күн сайын китеп окууну адатка айландыргандар физикалык оорчулуктарды оңой көтөрүшөт. Ошондуктан машыгуу залында оор көнүгүүлөрдү жеңил жана узакка аткара алышат.
  13. Ачык айрым болууга жардам берет. Китеп окуган адамдардын идеяга бай экенин байкап эле жүрсөңүз керек. Ырас эле китеп жаңы идеялардын булагы болуп саналат. Ошондуктан көп окуган адамдар кичинекейден чоң идея табууга жөндөмдүү келишип, кеңешчилерге анча муктаж болушпайт.
  14. Чет тилин тез өздөштүрүүгө жардам берет. Дайыма китеп окуган адамдар жаңы нерсени тез түшүнө алышат. Ошондуктан китеп менен дос болгон адамдар чет тилин үйрөнүүдө кыйналышпайт.
  15. Альцгеймер оорусунун алдын алат. Альцгеймер – эс тутумдун кескин жоголушуна алып келген коркунучтуу оору. Бул оорунун китепти көп окуу менен алдын алса болот. Мээ да башка органдар сыяктуу эле мындай коркунучтуу оорулардан коргонууга муктаж. Андыктан бул абалдан сактанууда китеп окуу эң идеалдуу жол болуп саналат.
  16. Бирге китеп окуу ата-эне менен баланы жакындатат. Психологдор бала менен бирге китеп окуу аны менен болгон жакындыкты кыйла жакшыртарын байкашкан. Балаңызга жакын болуп мамилеңиз мээрим, сүйүү сезимдери менен толукталышын кааласаңыз, анда аны менен ойноо, телевизор көрүү сыяктуу аракеттериңизди бирге китеп окууга алмаштырыңыз.
  17. Каржылык абалды ооңдойт. Статистикага таянсак, китеп окуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланбаган адамдар 43 пайызды түзүп, натыйжада, алар жакырчылыкта күн кечирип келишет. Ал эми каржылык абалды жакшыртууга жол көрсөткөн китептерди окуган адамдарда каржы маселеси аз экендиги белгилүү.
  18. Мектепте жетишкендиктерге көп ээ болушат. Китепти көп окуган жана окуудан ырахата алган окуучулар мектепте артыкчылыктарга ээ болушат. Ошондуктан мындай окуучулар гуманитардык сабактардан гана эмес, илимдердин падышасы болгон математика сабагын кызыгуу менен окуп, оңой өздөштүрө алышат.
  19. Жакшы маектешке айлантат. Башкалардын окуяларын окуу аркылуу адам өзүнүн жашоосу тууралуу да кызыктуу кылып айтууга үйрөнөт. Ошол эле маалда айтууга кызыктуу жана айтып убакыт коротпой турган нерселерди иргеп ала алат. Айткандарыңыз канчалык кызыктуу болсо, ошончолук кызыктуу маектешке айланасыз да, тегерегиңизге сизге ишенген адамдарды топтой аласыз.
  20. Китеп ааламдагы жакшы нерселерди көргөзөт. Ыктыярчылар жана кайрымдуулук иш-чаралары менен алектенгендердин негизги курамын жигердүү китеп окуучулар түзүшөт. Анткени алар бардык жерден жакшы нерсени таап көрө алышат, жагымсыз абалдардан качышпайт жана жардам берүүдөн аянышпайт. Ошондой эле ал адамдар мындай көз карашты башкаларга жуктурууга аракеттенишет.

«Эмне үчүн китеп окушубуз керек?» китебинен,

Мамбетасан Ибраев

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}