Кичинекей кадамдар

Кызмат кылуу үчүн сөзсүз эле диплом керек эмес. Эң башкысы мээримге толгон жүрөк жана сүйүү менен сугарылган жан дүйнө керек.

Бир күнү мектебинен эрте чыккан Марк алдыда кетип баранын жаткан бала колундагы китептери менен кийим-кечеси салынган баштыгын жерге түшүрүп алганын байкап, чуркап барып жардам берет. Жакындан тааныша келсе экөөнүн жолу бир болуп чыга келди. Жолдо катар бара жатып Марк ал баланын аты Билл экенин, мектепте сабактарынан кыйналып жатканын жана аны менен бирге эле  атасы менен апасы дайыма урушуп жатканы аны өтө капа кылып жатканын үйрөндү. Билл жаңы таанышкан досун үйүнө чакырды, экөө футбол көрүп, бир канча саат баарлашуу менен убакыт өткөрүштү. Ошол күндөн баштап Марк менен Билл жакын досторго айланды. Бир күнү Билл Маркка баягы экөө алгач таанышкан күндү эске салды:

— Мен ошол күнү эмнеге мынча көп китептерди жана кийимдеримди алып бара жатканымды билесиңби? Анткени мен экинчи мектепке барбайм деп чечим чыгарган элем. Ошол күнү келип, апамдын дарыларынан ичип алып, өзүмдү өлтүрөм деп чечкем. Бирок жолдо сен мага жоолугуп калдың. Сен үйдөн кеткенден кийин, мен ойлондум “Эгер мен өзүмдү өзүм өлтүрсөм, жашоонун сонун тартууларын, керемет көз ирмемдерин, кубанычтарын кое берген болом. Мен өзгөгө эмес өзүмө кыянаттык кылган болом”. Сен түшүнүп жатасыңбы? Ошол күнү сен менин чачылып кеткен китептеримди эле эмес менин чачылып кеткен жашоомду чогултуп бердиң.

Которгон Айнек Муратбекова

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}